Добавить статью
9:21 4 Марта 2015 0
Кочкор өрөөнүндөгү аламат
же Суяб шаарынын жок болуп кетиши
(3 бөлүк)

(2 бөлүк)

2011-жылы июль айында Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын археолог окутуучулары Ороз Солтобаев жана И. Москалев башында турган студенттик практикада биринчи жолу (Төрт-Күл, Кырк-Чоро) Кочкор-Башы шаарынын борбордук сепилинин чалдыбары изилденип, бу сепилдин аянты (870х410 метр) 35 гектар, 36 мунаралуу, 4 капкалуу (дарбаза) жана дубалдын калыңдыгы 4 метр, бийиктиги 8 метр экендиги аныкталды. Изилдөөнүн жүрүшүндө шаардын аймагынан табылган артефактылар байыркы доорлордон бери адамдар жашаган сактар, усундар, түрктөр болгондугу байкалды. Табылган тыйындар X-кылымга таандык экени, артефактыларда кыргыз элине мүнөздүү оймолор түшүрүлгөнү байкалды.

Бул Кочнар-Башы-Суяб (Төрт-Күл, Кырк Чоро,Суйап, Су-е-чэн, Су-е-шуй чэн) шаарынын борбордук сепилин Х кылымдын экинчи жарымында сел каптап, сепилдин дубалдары көпчүлүк жеринде урап, дөңсөөгө айланган, чыгыш жак бөлүгү селдин топурагы менен толуп, катмар 2 метрге чейин көтөрүлгөн. Сепилдин сыртындагы карапайым калк жашаган аянттар (рабад) 2-2,5 метрге чейин топурак, кум жана шагыл менен көмүлгөн. Ысык- Көлдөн табылган артефактылардын көптүгүнө караганда миңдеген адамдын сөөктөрү көлдүн астында калган шаарларга гана тийиштүү эмес эле, Кочкордон дагы агып баргандыгы даана байкалат. Себеби Суяб жана Кочкор–Башы шаарларында 15-10 миңдеген адамдар жана өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы элдин көпчүлүгү оокат-мүлкү менен селдин агымында кеткен. Кочкор өрөөнүндө ойдундары, дөңсөөлөрү жок тегиз талаа пайда болгон. Ушул табылган миңдеген адамдын сөөктөрү, карапа буюмдардын сыныктары жана башкалар жөнүндө орус изилдөөчүсү Н. А. Аристовдун чыгармасында толук жазылган.

Н. А. Аристов Кочкор өрөөнүндө тоо этектеринде мүрзөлөр көп экендигин, бирок турак жайлардын калдыктары жогун айтып, адам жашаган жайларды тапкан эмес. Себеби турак жайларды, шаарларды сел каптап, тегиздеп, топурак, кум-шагыл менен көмүп кеткен.

Чыгыш таануучу Н. А. Аристов минтип жазат: «Миңдеген адамдын сөөктөрү чачылып жатышынын себебин, менин байкоомдо, аламаттын күтүүсүздөн болгондугу менен түшүндүрсө болот, бирок кандайча болгондугун айтуу мүмкүн эмес. Эгерде ойдуңга суу акырындан толсо адамдар качып чыга бермеги түшүнүктүү. Адамдардын сөөктөрү менен кошо кирпичтин, карапа буюмдарынын сыныктарынын чогуу болушу Кочкор суусунун агымы Ысык-Көлгө бурулушу менен же жер астындагы суунун агымдарынын ичкериши же кеңейишинен көлдүн суусунун көтөрүлүшү же азаюусунан деп ар кандай божомол менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес.

Эл ичинде айтылып жүргөн уламыштарда Ысык-Көл ойдуңун белгисиз жер астынан чыгып каптаган суудан башка эбегейсиз зор көлөмдөгү суу көп алыс эмес, түштүк же түндүктөн бир нече миң фут бийиктиктен келгендигин да айтышат (Н.А.Аристов.Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Сорос 2001-год. с. 53.). Элдик уламыштарда көлдүн чыгыш жагында шаардын сууга чөгүүсү да айтылат (Ошол эле жерде, с. 29). Түндүк жагындагы Тору-Айгыр суусунун куймасында жүздөгөн адамдын сөөгү толкун менен агызылып, жээкте чачылып жатышы бул сөөктөр жергиликтүү элдикиби же согушта өлгөн адамдардын сөөгүбү белгисиз. Ысык-Көлдүн кээ бир жерлеринде абдан көп адамдын сөөктөрү жаткандыгы таң калтырат. Бул сөөктөр усундардын сөөктөрү эмес экендигин бул сөөктөр менен дайыма карапа идиштердин жана кирпичтердин сыныктары аралашып жаткандыгы, бул адамдар өз убагында кирпич бышырып, карапа кумураларды жасаган адамдардан экенин, усундар эмес экендиги көрүнүп турат. Эгер көчмөн эл болсо, аларга кирпич жана карапа идиштердин эмне кереги бар эле (Н. А. Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Сорос, 2001-год, с. 40.).

Миңдеген адамдын сөөктөрүнүн чогулуп жатышы кан агызган чоң согуштун кесепети же аламаттан кийинки көрүнүш деп түшүнүүгө аракет кылдык. Кандуу кагылыштын жана аламаттын кандай деңгээлде, кандай шартта болгондугу белгисиз, эбегейсиз көп адамдын сөөктөрү менен кошо көптөгөн кирпич жана карапа сыныктарынын жатышынын аныгын да билүү кыйын (Н. А.Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Сорос, 2001-год, с. 44.).

Ушул Н. А. Аристовдун жазганын окугандан кийин Кочкор өрөөнүндөгү сел элди мал-мүлкү жана турак жайы менен кошо көлгө Ак-Өлөң тарабынан агызып кеткендиги даана билинди. Мен бул сел жөнүндө эски кишилерден, көбүнчө атамдан көп угаар элем. Убагында элес албагандыктан бир топ фактылар унутулуп калды. Н. А. Аристовдун китебин тапканга чейин сел кайда куйган деп жүрчүмүн.

Г.Фетисов 1877-жылы көлдүн түштүк-батыш жээгинен доктор Ригел менен кыдырганда Көтмалды менен Барбулактын ортосунда жээкте көптөгөн карапанын сыныктары жана адамдын сөөктөрүн көрүшкөн.

Ысык-Көлдүн чыгыш жагы чөгүп кетишинен улам чөккөн жер тулкусу (массасы) баскан суу Шамшы ашуусунун батыш жагындагы Шиш–Чокунун түбүнөн 3600 метр бийиктиктен суу оргуштап атылып чыгып, аккан суу жүз миллиондогон сандыкча салмагы менен өтө чоң болгондуктан бир өрөөндүн таш топурагын, кумун жана тоо башындагы мөңгүлөрдү кошуп Сарала-Саз жайлоосун аралап, Х- кылымдын экинчи жарымында Кочкор өрөөнүн сел болуп каптаганы байкалат.

Чүй өрөөнү жагын да каптап өрөөндөгү Шамшы капчыгайын кордойлоп жеп, азыркы Токмоктун аймагындагы элди мал-мүлкү, турак жайлары менен Чүй суусуна агызып кеткен. Селдин капташы жана Кемин тараптан Боом капчыгайынан чыккан суу биригип кордойлоп жеп Кең-Булуңду пайда кылган.

Сел Кочкор-Башы (Суяб) шаарынын борбордук бөлүгү сепилдин дубалын талкалап киргенде, бул жерде мечиттер, медреселер, кандын ордосу, жоокерлердин жашаган жайлары, бай адамдардын үйлөрү селдин ылай топурагынын астында калган.

Байкоолорго караганда, суу эл тынчып калган кечки же түн ичинде жүрсө керек. Себеби азыр тиричилик үчүн казган убакта чыккан сөөктөр көмүлбөй, адамдар отурган абалда калгандыгы байкалган. Ал эми айыл ичиндеги бала бакчанын жерпайын казуу учурунда 1988-жылы бир жерден 18 адамдын сөөгү чогуу чыккан.

Бузулган суу 1904-жылы жана 1911-жылы да өтө катуу кирген дешет. 1904-жылы киргенде Бугучу айыл элинин боз үйлөрүн агызып өрөөндүн түштүк жагындагы Айгыржал тоосунун бетине жеткирген. Ошондон бир ай өткөндөн кийин тоонун бетине барып, боз үйлөрүн, алачыктарын алышканда, алачыкта байланган чаначтагы кымыз ошол бойдон экенин көрүшкөн. Суу оргуштап атылып чыгышын 1911-жылдагы жер титирөөнүн убагында да көрүшкөн, тоо башынан үйдөй болгон мөңгүлөр кошо агып, Айгыр-Жал тоосуна барып урунган, тоо башында эч кандай көл болгон эмес. Эгерде көл болсо суу бир жакты көздөй жырылып же Кочкор өрөөнүн каптамак же Чүй тарапты каптамак, суу атылып чыгып, түндүк жана түштүк тарапты да каптаган. Жергиликтүү эл ал жерде көл жок экенин, суу жердин астынан таштардын арасынан чыгаарын жана көөрүктүн үнүндөй үн чыгып тураарын айтышат.

Сел жүргөндө агымы Ак–Өлөң жагы менен көлгө куюшу Орто-Токой Кочкордун чыгыш жагы менен өзүнчө көл болуп тургандыктан азыркы плотина курулган жер туюк болуп, Кара-Мойнок деген аты болгон. Бул көлгө батпай калган суу Ысык-Көлгө агып кирген. Суу батпай кеткен кезде Көк-Мойнок көлүнүн Чүйгө агымы көбөйүп, бир топ мезгилден кийин ал капчыгайды жарып-жырып кеткендей байкалат.

Эгерде Орто-Токой капчыгайы жана Көк-Мойнок ачык болсо, селде аккан адам сөөктөрү жана буюмдары Чүй өрөөнүнүн сууларынан чыкмак.

Орус тарыхчыларынын жана чыгыш таануучуларынын жазган версияларын бекем тутпай, көлдөн табылган артефактылардын көптүгүнө караганда, миңдеген адам сөөктөрү көлдүн астында калган шаарларга гана тийиштүү эмес эле, Кочкордон дагы агып баргандыгы даана байкалат. Себеби Кочкор өрөөнүндө Суяб жана Кочнар–Башы шаарларында 15-10 мин адам жашап турса, өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы, шаарлардагы элдин көпчүлүгү да селдин агымында кеткен.

Түз аккан селдин суусу Сарала-Саздан Ортоктун тоосуна урунуп, Шамшы капчыгайынан чыга бергенде түштүк–чыгышты көздөй каптап, ал өрөөндөгү шаарларды, турактарды андан ары түштүк–чыгышка диагонал боюнча аралап, Теңдик айылынын түштүк жагындагы тоого урунуп, ал тоонун бетиндеги ак чополуу жарчаларды жараткан. Бул жактагы шаардын курулуштарын каптаганда кээ бир жери 15 метрге чейин, кээ бир жери 10-11 метрге чейин көмүлгөн.

Ал эми түштүктү көздөй аккан селдин суусу Кочнар-Башы-Суяб шаар-сепилин каптап, өрөөндү жарып өтүп, Айгыр-Жал тоосунан ашып түшүп, Сандык-Тоонун Кап-Быжы, Чалай, Алтын-Булак жана Туздун тоолоруна жаба берген. Суу бул тоолордун бетине чопо топурактарды агызып, жабыла бергени азыр да көрүнүп турат. Туз-Тоолорунун коктулары аркылуу өткөн суу туздардын кандайдыр бир чоң бөлүгүн көлгө агызып кеткен. Селдин күчтүүлүгүнөн Кыйшык, Байит, Кара-Таш жана Боктуу-Тоонун аянттарына үйдөй таштарды агызып чыккан.

Шаарлардын жана турак жайлардын селге аккандагы кирпичтерин, карапаларын жана башка артефактыларды сууга аккандан кийин сынып, сүрүлүп, жешилгендерин Ак-Жардын Куржу-Булуңунан Кум-Дөбөдөн 11 чакырым алыс жерден таптык. Таш жаргылчактар, кайыкка окшош дан сүргүчтөр сынган. Бышкан кирпичтер сүрүлүп-жылмаланган жана сынган. Карапа буюмдар да сынып майдаланган. Күржү-Булуңга имерилиш болгондуктан сайроондоп көптөгөн артефактылар калып калган. Ал эми сууга акпай, көмүлүп калган сепилдин ичиндеги колдонгон таш буюмдар толук сынган эмес. Бул таш буюмдардын жана кирпичтин сыныктары азыркы Кочкор, Семиз-Бел жана Арсы айылдарынын тушуна агып барганда шагыл-кум болуп, эч нерсе калмак эмес.

Уландысы

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

18-03-2015
Кочкор өрөөнүндөгү аламат
же Суяб шаарынын жок болуп кетиши
(4 бөлүк)
0

03-02-2015
Кочкор өрөөнүндөгү аламат
же Суяб шаарынын жок болуп кетиши
(2 бөлүк)
0

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×