Добавить статью
9:03 30 Мая 2024 554
Кыргыз элинин тарыхын узарткан эң эски тарыхый булак: «Му Тяньцзы Чжуань»

Буга чейин тарых илиминде Сыма Цзяндын "Ши цзи" деген эмгегине таянып, биздин заманга чейин III кылымдагы окуяда эскерилген "гэкунь" эли "кыргыз" деп чечмеленерин аныктап, биз эң байыркы элдерденбиз деп келгенбиз. Бирок, дагы бир кытай жазма булагында кыргыздар андан да илгери эскерилгени далилденгенин билбей жүрөбүз, же билгенибиз менен кыргызчага котор(т)о албай келебиз. Бул жөнүндө кытай тарыхчысы Ю Тайшандын ("Му Тяньцзы Чжуань" эмгегинде көрүнгөн Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланыш жолдору" деген) макаласынан көрсөк болот (Англисче булак: Sino-Platonic Papers, 197 (January, 2010)).

Анын жазганына караганда, «Му Тяньцзы Чжуань» («The Mu Tianzi Zhuan, кырг: «Асман уулу Мунун саякаты») деген байыркы кытай жазма булагында б.з.ч. 7-кылымдан мурунку (2700 жыл илгерки) окуялар баяндалат. Бул тарыхый эмгек Вэй доорунун (б.з.ч. 318-296-жж.) падышасы болгон Сяндын күмбөзүнөн, Цзи аймагында Согушчул падышалыктардын доорундагы Тайкаңдын экинчи башкаруу жылында (281-жылы) казылып алынган. Күмбөздү уурулар талкалагандыктан, оригинал бамбук пластинкалар чачырап кеткен. Жазуулардын мазмуну Сюнь Сюй, Хэ Цяо жана башкалар тарабынан иретке келтирилгенден кийин расмий шрифт менен кайра көчүрүлүп жазылган. 1ден 4кө чейинки главалар толук эмес болуп чыккан, ал эми 5-глава фрагментардуу болгон. Беш главанын бардыгында тең Асман уулу Мунун саякаты баяндалса да, бирок алгачкы төрт глава жана бешинчи глава башка-башка адамдар тарабынан түзүлгөн сыяктуу. Бамбук пластинкаларда эмгектин аталышы жазылган эмес, ал эми азыркы аталыш редакция тарабынан берилген. Ал тууралуу биринчи эскерилген Суйшунун «Классика «Б» боюнча жазуулары»: «Му Тяньцзы Чжуань алты главадан турат» деп көрсөтөт. Ошол эле доордо табылган алтынчы глава Шэң айым өлгөн убакта болгон окуяларды баяндайт. Бул главаны Цзинь окумуштуулары редакциялаганда, «он тогуз курамдык китептин бири» катары сүрөттөлгөн.

«Му Тяньцзы Чжуандын» биринчи төрт главасы Асман уулу Мунун батышка карай саякатын баяндайт. Бул төрт глава Согушчул падышалыктар доорундагы Янь же Чжао мамлекетинен чыккан адамдар тарабынан түзүлгөн деп эсептелинет. Китептин мазмуну жалпысынан «Асман уулу Му» деген ысымга негизделген аңыз кептерге байланыштуу болгон чыгар, бирок ал Батыш Чжоу мезгилинен берки да тарыхый кабарларды ичине камтуусу мүмкүн. Тарых жагынан ал негизинен Чыгыш менен Батыштын ортосунда биздин заманга чейинки жетинчи кылымдан мурда пайда болгон кабарлашуу жолдорун ачып көрсөтөт. Бул китептеги Асман уулу Мунун батышка болгон саякатынынын маршруту жөнүндөгү жазууларды Кытайдагы Жибек жолу тууралуу жазылган эң илгерки адабият деп эсептесе болот.

Ю Тайшан өз изилдөөсүндө Му деген падышанын батышка карай саякат кылганында ал басып өткөн жол Тоолуу Алтай аркылуу өтүүчү ошол мезгилдеги "Талаа Жибек жолу" болгон деп эсептейт. Ал эмгекте эскерилген Куньлунь (Kunlun) тоосунун жайгашкан жерин аныктаганга жана ал аркылуу маршрутту тактаганга аракет кылат. Тарыхчынын пикири боюнча, Куньлунь деген тоо азыркы Алтай тоолоруна туура келиши керек, айрыкча анын чыгыш этектерине.

Себеп дегенде, биринчиден, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы эң алгачкы катташуу жолу Евразияны кесип өтүүчү «Талаалуу Жибек жолу» деп аталган жол болушу керек эле, анткени ал кезде евразиялык талаада көчмөн уруулар активдүү болушкан. Бул жол Монгол платосунан башталып, Алтай тоолорунун түндүк жана түштүк этектери менен барып, Түштүк Сибирь аркылуу өткөн жана батышка карай жылып, Кара деңиздин түндүк жээгиндеги скифтердин жерине жеткен. Геродоттун «Тарых» (IV, 17-32) деген жазмасы көрсөткөндөй, скифтер менен соода-сатык болуп туруучу бул жол эң кеч дегенде биздин заманга чейинки VII кылымдын аягында бар болгон.

Экинчиден, Геродоттун «Тарыхындагы» жана эски кытай жазма булактарындагы өз ара байланышкан көптөгөн баяндоолор бири-бирин толуктарын баса белгилейт Ю Тайшан.

Үчүнчүдөн, археологиялык материалдар буларды күбөлөндүрөт: Орусиянын Алтай губерниясындагы күмбөздөн (б.з.ч. V-IV кк.) жука жибек кездемелери, феникс саймасы бар эпонж, лак буюмдар, «山 (дөбө)» оюусу бар коло күзгүлөр табылган. Демек, эң илгерки кытай жибеги батышка, Европага ушул маршрут менен ташылгандыгы көрүнүүдө. «Куньлунь тоосу боюнча уламыштын баштапкы материалдары Тоолуу Алтайда байыркы цивилизация жашагандыгын далилдөөдө» - деген жыйынтыкты айтып, Ю Тайшан андан ары: «А бирок, азыркы Куньлунь же Цилиань тоосунда ушундай уламыштын негизин түзүүсү мүмкүн боло турган эски цивилизациянын калдыктары эмдигиче табылганы жок» - дейт.

Төртүнчүдөн, «Му Тяньцзы Чжуанда» катталган жаратылыш ландшафттары, адамдардын ишмердүүлүгү жана азык-түлүктөр Евразия талаасындагы ушундайлар менен даана дал келет экен.

«Му Тяньцзы Чжуанда» Асман уулу Мунун саякатында ал бара жатып жана келе жатып жолуктурган кээ бир уруулар жөнүндө жазылып калган. Бул маалыматтардын айрымдарын тарыхый чыгыш же батыш жазма булактары да толуктап, ырастай алат. Му жолду карай жолуктурган уруулар, элдер, жерлер жөнүндө кандай маалыматтар бар болсо, алар Ю Тайшандын изилдөөсүндө эски кытайчадан азыркыга ылайык чечмеленген. Анын арасында "хуанхан адамдары" [kiwen-hean] деп эскерилген эл "гэкунь" (б.а. "кыргыз") сөзүнүн транскрипциясы болуп саналарын болжолдойт. Тарыхчы бул боюнча мындай пикирин айтат: «Хуанхан адамдары» (Juanhan), сыягы, «Шицзинин» 110-главасында хуннудан түндүктө деп эскерилген «гекун» («Gekun») болушу мүмкүн. «Хуанхан» [kiwən-hean] дегенди «гекун» [kek-kuən] сөзүнүн транскрипциясы катары караса болот».

Кытай окумуштуусу байыркы кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтардын кийинкилерин да бири-бирине байланыштырууга аракет кылат. Эң эски кытай жазма булактарында, мисалы «Шицзиде» «гэкун» деп, ал эми андан кийинки «Ханьшуда» «цзянькунь» деп эскерилген элдер «кыргыз» деп чечмеленет экендигин башка бардык тарыхчылар да моюнга алышкан. Макалада кыргыздардан тышкары, динлин, уцзе, синьли сыяктуу башка элдердин да байыркылыгы «Му Тяньцзы чжунь» эмгегинде эскерилгендиги кошо айтылат. Ю Тайшан бул маселе боюнча «кошумча эскертүүлөр» катары пикирин минтип билдирет: «Биринчиден, Асман уулу Му батышка карай саякатында жолуктурган уруулардан эң көрүнүктүүсү каону (динлиң), цзилю (грифондор) жана хуанхан (гэкунь) болгон. Ал эми Асман уулу Му кайра кайтып келе жатып жолуктургандарынан эң көрүнүктүү уруу – бул эху (уцзе)».

Андан ары бул айтылган пикирин тарыхчы тарыхый булактар менен байланыштырып ырастоо үчүн сөзүн мындайча уланткан:

«Шицзинин» 110-главасында («Хунну жөнүндө баян») хуннулар капысынан пайда боло калганда, Моду Чанүй «түндүктөгү хуньюй (Hunyu), кушэ (Qushe), динлиң (Dingling), гэкунь (Gekun) жана синьли (Xinli) урууларын каратты» деп айтылат. Ал эми «Ханьшунун» 94Б-главасынан билгенибиздей, Хань империясында Юандын башкаруу доорунда хуннулардан Чжичжи Чанүй көтөрүлүш кылып, Хань тарапка өтүп кеткен жана батышка карай бурулуп, «түндүктөгү уцзеге кол салган жана ага уцзе багынып берген. Батыштагы цзянькунь аркылуу өтүп, түндүктөгү динлиңдерди багынтуу үчүн ал алардын (уцзенин) күчүн өзүнө кошту, андан кийин ал үч урууну басып алды». Мындан биз цзянькунь уцзеден батышта, ал эми динлиң уцзеден түндүктө жайгашкандыгын билебиз. Ал кезде «цзянькунь Чанүйдүн ордосунан бытышта 7000 ли, ал эми Цзюши мамлекетинен 5000 ли алыстыкта болгон». Демек, Моду Чанүй «түндүктөгү хуньюй, кушэ, динлиң, гэкунь жана синьли урууларын каратты» деген кабар чындыгында «түндүк-батыштагыларды каратты» дегенди билдирет...

Мына ошентип, кыргыз элинин тарыхы жыйырма үч кылым эмес, жыйырма сегиз кылым бою үзүлбөй уланып келе жаткандыгын «Му Тяньцзы чжуань» деген тарыхый булак аркылуу билип олтурабыз. Кытайда кыргыздын байыркылыгын даңктаган мындан башка да тарыхый архивдик материалдар бар экендиги айтылууда, бирок алар кандай тарыхый булактар жана кайсы доорлорго тиешелүү маалыматтар экендиги так айтылбай келет. Эгер кытай архивдерине азыркы кытай тилин гана билгендерди, бирок тарыхты жана эски кытайчаны билбегендерди жиберишсе, Кыргызстан үчүн ийгилик болбой калышы мүмкүн. Себеби, Кытайга тарых изилдөөгө барганда, бизде унутулгандай кытайларда да унутулган тарыхый сөздөр бар экендигин, азыркы жерлердин жана элдердин эскиче аталыштары кандай болгондугун, эски чен бирдиктери азыркыдан айырмаланганын жана башка илимий маселелерди алдын ала билип алуу зарыл. Ошондуктан, ийгилик болушу үчүн эски кытай булактарын изилдөөдөн мурда ушул багыттагы илгерки изилдөөлөрдү, мисалы өткөн кылымдарда кыргыз тарыхына тиешелүү кытай жазма булактарын изилдеп которгон Н.Я. Бичурин, Н.В.Кюнер, Л.А.Боровкова, Л.С.Васильев, , В.С.Кузнецов, Г.П.Супруненко, Е.И.Кычанов, К.Жусаев, Т.Бейшеналиев сыяктуу синологдордун эмгектерин окуп, даярданып баруусу керек. Андан да жакшысы, тарыхый изилдөөлөр багытында Кытай өкмөтү менен Кыргызстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө эски кытайчаны окуй турган өзүбүздүн синолог-тарыхчыларыбызды даярдоо маселеси да каралса дейбиз.

Жарыяланган жери:

Молдожунусов К. Кыргыз элинин тарыхын узарткан эң эски тарыхый булак: «Му Тяньцзы Чжуань» // «Кыргыз тили» гезити. №1 (299). 30-январь, 2024. 9-б;

"Кыргыз Туусу" гезити. №12 (24784). 16-февраль, 2024. 12-б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

23-05-2022
Жетишаарда миңбашы болгон кыргыз
10416

23-05-2022
Тогуз-Торонун уламышка айланган күлүктөрү
7317

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
57042

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
16146

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
16378

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
12209

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
18256

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
13812

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
42058

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
27738

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×