Добавить статью
12:41 25 Февраля 2021 1545
Чапкылдык

ЧАПкылдык

кынчы

кындык

КЕП БАШЫ

Ар бир уруунун учкайбы, узунбу айтор таржымалы бар. Китептин жүрүшүндө баян этүүгө ниеттенген Чапкылдык, чапкынчы, чапкындык уруусу тууралу азырынча даректүү чыгарма деле жок сыяктуу. Демек, бул уруу терең изилденүүгө тийиш. Албетте, колуңуздагы китепте уруу туурасында азын-оолак сөз кылууга ниеттендик. Бул уруу өкүлдөрү чачкын жайгашкандыктан алардын ар бирине кезигип, кеңири кеп курууга мүмкүндүк болбогону, шарттын тардыгы өкүнүчтүү.

Балким бул жазылган чыгарма уруунун мындан кийин кенен иликтенүүгө себепчи болор деген да тилек жок эмес. Мүмкүн чапкылдык уруусунан белгилүү тарыхчылар чыгып, уруунун ийне-жибине чейин казып чыгар. “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” демекчи, алдыдагы жакшы ийгиликтердин жаралышына үмүт арта туралы. Уруу жарандарынын жыйындары уруунун тарыхы терең казылышына негиз түзөрүн жадыбыздан чыгарбашыбыз керек.

Жазылган китепте уруунун таржымалы өз деңгээлинде баяндалды деген көз караш айтуудан алыспыз. Анткени, уруунун тарыхы бул түбү жок казына экени белгилүү...

Чапкылдык уруусу тууралуу учкай таржымал

Тарых казылган сайын түбү терең казына. Эгер биз кыргыз улутунун баштан кечирген тарых барактарына сереп сала турган болсок, анда анын башаты биздин доорго чейинки жылдарга барып такаларын баамдоого болот. Демек, кыргыздын ар бир уруусунун да дал ошол атамзамандан бери аздектелип келген санжырасы, таржымалы бар.

Биз сөз кыла турган Чапкылдык (Чапкынчы, Чапкындык) уруусу тууралу ар андай көз караштар айтылып, ооздон оозго мурас катары айтылып келет. Бирок, биз алардын баарын иликтеп, тактоо иштерин жүргүзүп, бир чын багытка, адилет жыйынтыкка келишибиз мезгилдин зарылдыгы болуп олтурат. Бул багытта тарых илимдеринин доктору Жолдошбай Малабаевдин, сутденттик кезинен өз уруусунун артынан сая түшүп, уруулар мекендеген бардык аймактарды түрө кыдырган Орунбай Ахмедовдун, атасынын айткандарын куйма кулак катары кунт коюп угуп, аларды ирети менен кагазга түшүрүү түйшүгүн тартып келген Акматалы Ормошовдун үлкөн үлүштөрү өңүтүндө өзүнчө сөз кылууга болчудай.

Чын ар ким өзүнүн уруусу менен сыймыктанат. Ал гана эмес өзүнүн уруусунан чыккан көрүнүктүү, белгилүү, чыгаан, атагы учурунда алыска тараган инсандары тууралу кызыгып сурагандарга маңыздуу маек куруп берүүнү сыймык сезет. Демек, чапкылдык уруусунун мына ушундай тарыхый инсандары болгон. Алардын артында калган адамдык улуу касиеттери өзүнчө бир бүтпөс дастан сыяктанып да кетет. Албетте, биз кийинки муундар алар тууралуу изилдөө жүргүзүүгө, тарых барактарын үңүлүп барактоого, керек болсо ооздон оозго айтылып келаткан уламыштарга да маани бергенибиз орундуу болорун ойдон чыгарбасак. Себеби, биз өзүбүздүн уруу жөнүндө көп нерселерди билип. өзүбүздөн кийинкилерге мурас катары калтырганыбыз уруунун өкүлү катары улуу парзы экенин эстен чыгарбасак.

Эгер жылпы эле кыргыздын тарых барактарына катылган өткөн турмушуна терең маани берип көрсөк, анда көп нерселердин күбөсү болорубуз турган кеп. Анткени, кыргыздар башынан эле көчмөн калк болгону бештен белгилүү. Жылдын ар бир мезгили сайын конуш которуп, тоо боорундагы салкын төрлүү, мөлтүр тунук булагы бар бейиштин төрүндөй жайларды мекендеп, күн кечирип келгенин ким төгүнгө чыгарат. Чапкылдык уруусунун өкүлдөрү да мезгилинде ушундай жашоону баштарынан кечиришкен. Эми бүгүнкү күнү аларды эскерип, тарых барактарынан жазылып калган же болбосо муундан муунга аңыз катары айтылып келген аңгемелерден улам азыраак маалыматтарга эгедер болуп турганыбызга бир чети зээн кейийт. Атаганат, ал мезгилде кыргыз калкы сабаттуу болгондо кана. Ошондо көргөн-билгенин, жасаган иштерин кагазга түшүргөндө анын баары бүгүнкү күнү табылгыз таберик болбойт беле.

Кийинки жылдары санжырачылар журт аралап, ар бир уруунун келип чыгышын, алардын жашоодон алган ордун иликтей баштаганда ар бир кыргыз атуулунда уруучулук сезими пайда болгонун танууга болбос. Мен бала кезде айылдашым Ормош Якубов (расмий документинде ушинтип жазылган болучу. Маргун айылынын кадырман карысы, ардактуу атуулу) чапкылдык уруусу жөнүндө көп нерселерди айтып калар эле. Көрсө мен анда оюнкарак бала экенмин да. Ырасын айтканда ал кездеги айткандарынын бирин-серини гана эсимде сакталып калбаса, айтор көпчүлүгү туман сымал. Айтмакчы, маргун айылынын дагы бир журт сыйлаган адамы молдо Дыкан Жусупов да уруу жөнүндө көп билген инсан эле. Мен ушул эки инсанды чапкылдык уруусун көп билген айтылуу адам катары жакшы билем. Бул кишилердин айтуусуна караганда Ажы-бий кадимки улуттун сыймыгы болгон. Кыргыздын башын кошкон, бириктирген Манас баатырга акылын, нуска кебин, туура багытын берген кеңешчи болгон. Качан гана Манастын көзү өткөндөн кийин кырк чолорунун ортосундагы ынтымак ырыдаганда, алысты көрө билген көрөгөч Ажы-Бий бабабыз өзүнүн туулуп өскөн Хожент аймагына (азыркы Лейлек, Баткен жергесине) Нойгут менен Кыпчактарды алып келе берген экен. Манас батырдын сөөгү бул чөлкөмдөгү Каратоого жашырылганын айрым санжырачылар ачыкка чыгарып жүрүшөт. Демек, бул далил Ажы-бийдин чындап эле баатырдын кеңешчи болгонун ырастайт.

Ысык-Көлдүн белгилүү санжырачысы Качкын Орунтаевдин саяк санжырасы туурасында айткан баянында жогоруда айтылгандардын чындыкка жакындыгы баамга урунат. Анын көз карашы боюнча Орозудан – Нойгут, Нойгуттан – Акбалта, Акбалтанын тукуму Муратай өзүн ээрчиген кыргыздар менен Хожент шаарына келип туруп калат. Тоголок Молдо, Куйручуктун санжыларында ушундай ой камтылган. Кеп келгенде айткан эп демекчи, Хожент шаары тууралу учкай кеп. Бул шаар көптөгөн тарыхый булактарда жазылганы маалым. Демек, аталган калаа чачылганын жыйнаганга мүмкүндүк түзгөн ыйык туур катары, койнун кенен ачкан аймак катары эске түшөт. Тарыхка назар артсак ушул шаар - ар кайсы аймакка тараган кыргыздардын башын кошкон чөлкөм катары жазылганы ачыкка чыгат.

Чапкынчы уруусунун чыгаан санжырачысы Арык уулу Бексултан өз уруусунун тарыхына кызыгып, кээ бир түндөрү уйкусуз таң атырганын айткан уруулаштарыбыз жок эмес. Ал кишинин атасы Арык эки миң кишинин ысмын жатка жаңылбай айткан белгилүү инсан болгон. Бексултан аванын санжырасына таяна турган болсок, анда биздин уруунун келип чыгышын изилдеген Чодунун уулу Ысак, Төлөк уруусунун өкүлү Арык, Ак-Мойнок уруусунан Баялы, Кайдуулат уруусунан Тоголок Молдо болгон.

Айтылуу санжырачылардын айтымында мурун “Энелик уруу” бар болгону айтылып келет. Анткени, өткөн мезгилге кылчайып карасак ошол кездеги эл башкарган адамдар көп никеге турганы ачыкка чыгат. Ошондуктан ар кайсы чөлкөмдө жашаган аялына энчисин бөлүп берип, төрөлгөн балдарын аялдарынын аттарынын аташканы маалым. Эгер айткандарыбызга мисал келтире турган болсок, анда Күрүчбек байбиче Кулжыгач байдын улуу аялы болгон. Анан балдарын Күрүчбек деп атаган.

Чапкылдык, Чапкынчы же Чапкындык уруусунун келип чыгышы тууралу С.Закиров менен Т.Асаналиевдин 1991-жылы “Саяктын санжырасы” деген китеби чыккан. Анда Акбалтадан улуу “Манас” эпосундагы баатыр Чубак, андан Бекчоро, Бекчородон Тегизбек, андан Жайыкбек, Жайыкбектен Кокушбек, андан Сапарбек, андан Алдаш, Алдаштан Алымбек, Алымбектен Сурантай, андан Чыбытай, Сабатай, Муратай атуу үч бала төрөлөт. Чыбытай өз элине хан болгон. Кадимки белгилүү алп баатыр Чыңгызхан Чыбытайды сыноо максатында тогуз кара шумкарды белекке берген. Өзүнүн жок жерден алданганын туюп, экинчиден Чыңгызхандан чочулап, кыргыздар аргасыздан монголдорго кошулган. Кыргыздарды оңой олжо катары пайдаланган Чыңгызхан кытайга каршы урушка аларды алдыга коюп, далай кыргыздарды кызыл кыргынга учураткан. Чыбытайдын уулу Муратай мындай кордукка чыдай албай, өзүнө кошулган (так саны айтылбайт) кыргыздарды ээрчитип Хожент шаарына көздөй качышат. Окурман, ал кезде монгол жергесинен Хожентке чейин жол басып өтүү кандай кыйынчылыкка алып келгенин туюп турган чыгарсыздар. Бирок, Муратайда мындан башка аргасы жок эле. Анын бул өмүрүндөгү акыркы бүтүмү болчу. Адам баласынын башына мүшкүл иш түшүп турган чакта анын оюна эмнелер келип, эмнелер кетпейт дейсиз. Мындай абалды да түшүнсө болот.

Бул жерде ал Жусупбек, Сүйүнбек деген балалуу болот. Уулдары бой жеткенде Муратай дүйнө салат. Жусупбектен Абдырайым, Сүйүнбектен Эшенкара аттуу балдар төрөлөт...

Улуттук рухий байлыктын кенчи санжырада катылуу. Бирок, эске ала турган жагдай санжыра бул тарых эмес. Ал ошол тарыхты тастыктай турган булактардын бири гана. Эгер санжыра мурунку союз учурунда унутта калып келсе, эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин жазгы жаандан кийинки козу карын сымал кеңири кулачын жайганы чындык. Дегинкиси санжырачылар заматтын аралыгында түмөндөп кеткенин жашырууга болбос. Айрым санжырачылар эч кандай тарыхый булактарга таянбай же басым жасабай туруп, билгенин тануулаганы деле кызык. “Менин атам айткан, чоң атам айткан. Эсимде сакталып келгенин жаздым” дегендер четтен чыгат. Ошолордун айынан уруулар арасында айрым кайчы пикир, көз караштар жаралганын танууга болбос.

Мен чапкылдык, чапкынчы, чапкындык урууларынын тарыхын кагаз бетине түшүрүү вазийпасын жоопкерчилигиме аларын алып алып, кыйлага чейин бир да сөздү баракка жаза албай кыйгалганымды кантип жашырам. Көрсө мунун да опол тоодой түйшүгү, жоопкерчилиги бар тура. Бир гана чапкылдык уруусуна байланыштуу эмес, башка уруулардын да санжыралары, тарыхтары менен таанышып чыгууга туура келди. Мен алардын баары өз деңгээлинде жазылган деен көз карашты айтпайт элем. Бул жазылган чакан болсо да эмгек биздин уруу арасында муундан муунга өтүп окулушу сакталышы ыктымал. Экинчиден кай бирөөлөр “Кадыр Калилов жазган китепте минтип жазылган” деп башка бирөөлөр менен талашышы мүмкүн. Баарынан анан ушунусу жаман демекчи, колдон келишинче бир нече маалымат булактарындагы далилдерге жүз бурууга туура келди...

Келиңиз анда уламышты улайлы... Ошентип кдаимки жомоктогу айтылып келгендей Муратай өзүнө кошулган кыргыздарды ээрчитип Хожентке келет. Мунун так датасы эч бир жерде даана көсөтүлгөн эмес. Бул жерде өз оокатын кылып турмуш күтүп дегендей эки балалуу болот Алар - Жусупбек менен Сүйүнбек. Өлөрүндө уулдарына аталык керезин айтып, Ходентке кандайча келип калганын айткан дешет. Бой жеткен эки уулу үйлөнүп, Жусупбектен Абдырайым, Сүйүнбектен Эешкана төрөлөт. Абдырайым атасы Жусупбектин, чоң атасы Муратайдан калган мал-мүлкү менен колунда бар байлыкка ээ болуп, Хожентке атагы тараган сыйлуу адамдардын катарына теңелет. Мансабы арткан Абдырайым Эрдене атуу хандын Маанишайым деген сулуу кызына баш кошот. Эркек балалуу болуп, ага Байызбек деген ысым берет. Эрдене хан күйөө баласын бектикке чейин көтөрөт. Бул учурда Эрдене хан кайтыш болуп, анын ордун Эреше уулу ээлеп калат. Арадан көп узабай Абдырайым дүйнө салып, жалгыз уулу Байызбек жетим калат. Бул баяндалып жаткан далилдер Жумгалдык санжырачы тууганыбыз Бексултан Арык уулунун эмгегинде айтылган. Тагдырдын башка салганына баш ийген Маанишайым жети жыл жесир бойдон турмуш күтпөптүр. Ошол мезгилде Абдрайымдын атасынын бир тууганы Сүйүнбектин уулу Эшенкара Бухара шаарына барып окуп, билим алып карылык милдет аркалап калган. (“кары” деп куранды жаткан билген адамды айткан). Билим деп жүрүп үй бүлө күткөн эмес экен. Ал арада Маанишайымга өзбек тараптан сөз айттыргандар, жуучулукка келгендер болгон. Аргасы кеткен Маанишайым Бухарадан Эшенкараны алдырып, ага турмушка чыгат. Маанишайым айымдын ошол кездеги эркиинин күчтүүлүгүн карасаңыз, өз улутунун таза кандуулугун сактаган. Алар Дайырбек атуу уулдуу болушат. Андан үч уул төрөлөт. Алар – Садык, Жусуп, Шакир. Карынын балдары болгон сон балдарынын баары молдо болушат. Кийин өзбек туугандар менен пикир келишпестиктер пайда болуп, алар саяк элинде жашаган энелеш бир тууганы Байызбекке келишет. Шакир молдо энелеш Байызбектин балдарын таап тууган болуп калышат. Шакир молдонун эки көзү көк, өңү кара болгондуктан “Чекир” молдо атка конот. Анын Үчкуртка, Түгөл деген балдары болгон. Үчкурткадан үч бала төрөлгөн - Кудайберди, Аккабак, Ыман. Эми ушул жерде чапкынчы уруусунун башаты баш баккан сыяктуу. Кудайбердиден - Кулжыгач, Барчык, Балта болгон. Куулжыгач Күрүчбек аялынан төрт бала көгөн. Алар - Караболот, Шаболот, Коюке, Жолуке. Ысымдары аталган төр бир туугандан Суусамыр өрөөнүндө өзүнчө район болушканы айтылат. Кичи аялы Супканадан Сүтэмген, Итэмген төрөлөт. Сүтэмген Бодошбек хандын кызы Упаржанга үйлөнгөн. Ошо мезгилде өзбектер менен калмактардын арасында жер боюнча талаш чыгып, катуу чабышка дуушар болушат. Аталган чабышка Анжиянга атагы белгилүү болгон Сүтэмген менен Итэмгенди атайын чакырышат. Эки бир тууган баатырлар озбектер менен калмактарды качырып, Оштун “Жазы” деген жеринде катуу кыргынга кабылышат. Ал жерде далай калмак менен өзбектер жок болуп кеткен. Кандуу кыргында Сүтэмгенге ок тийип, жараты кучөп курман болот. Анын алтай аялы Упаржан эркек уул төрөйт. Сүтэмген баатырдын каза болгонуна катуу кайгырган эл баатыр атасы чапкында курман болду дешип, жаңы туулган балага “ЧАПКЫНЧЫ” деген ысым коюшат азан чакырып. Бул ысым Жумгалда Чапкынчы деп аталса, Сузакта Чапкындык, ал эми Лейлекте Чапкылдык деп аталып калган. Итэмген Жумгалдагы тугандарына кетүүнү туура көрүп, жеңеси менен коштошуп жатып минтип айткан экен: “Жеңе аман болсом кайра кайрылып келермин. Сиз болсо Чапкынчыны жакшы багыңыз. Агамдын арбагын сыйласаңыз артында калган жалгыз туягын аман асыраңыз. Эс тартса, балким туугандарынын издеп табар. Сиз болсоңуз жаш калдыңыз. Эгер турмушка чыгууну кааласаңыз өз эркиңиз. Чапкынчыга туура тарбия бериниз” деп. Мындайда жакын адамдардын коштоошуусу оңойго турмак беле, Упаржан да, Итэмген да ыйлаган экен.

Упаржан баатырдын жары экенине намыстанып, Чапкынчы уулунун амандыгын-эсендигин жараткандан басса-турса тилеп, турмушка чыккан эмес. Сүтэмгенден калган белегин атасындай баатыр кылып баралына жеткирүүгө бел байлаган. Чапкынчы кадимки Манас баатыр сыяктуу күчтүү, эрктүү, сымбаттуу, баатыр болуп эс тартты. Анда ал он бешке келип калган курагы эле. Жумгалдагы Итэмген агасынын баласынан кабар алуу максатында атайын сапар тартып барган экен. Адеп экөө бекем кучакташып амандашканда, Чапкынчынын билегинин күчкө толгонун, атасын тартып баатыр болгонун туят. Экөө кыйлага чын дилден баарлашат. Ошондо анын акылы тунук, сөзүнүн маңыздуу ой жүгүртүүсү терең экенине тан берген экен. Тууганын издеп келгенине ичтен ыраазы болуп, кымыңдап бир нерсеге жетине албаган маанайда Жумгалга жол тарткан экен.

Чапкынчы чындыгында чымыр денелүү, кең далылуу баатыр болуп чыга келет. Өзбек менен калмактардын чабышына катышып, кыргында жеңишке жетишип, данкы айкмакты дуңгүрөтөт. Анын эрдигине таазим эткен өзбек эли кыргын басылганда Өкүмхандын кызы Орозканды алып берет. Упаржанга алган келини жагып, колунан келген калынын берген. Ал эми тойдун чыгымын толугу менен өзбек калкы көтөргөн. Мына Чапкынчынын баатырдыгынын акыбети. Андан кийин Чапкынчынын баатырдыгы күчөп далай чабышта жеңишти колдон алдырбай келген. Арадан жыл өтүп Чапкынчыа өмүрлүк жары Орозкан эркек бала төрөп берип, атын Кудаке коёт. Андан кийин Араке, Обосбек деген балалуу болушат.

Чапкынчынын баатырдыгы, эрдиги Жумгалга чейин жетип, Итэмгендин уулу Айт Анжиянга Чапкынчыга жолугуу үчүн сапарга аттанат. Кыйла жолду карытып, далай күндөрдөн кийин Чапкынчыны табат. Канткен менен бир туугандардын балдары да. Экөө Анжияндын кооз жайларына барып, эс алышат. Чер жазышат. Кетеринде Айтка керемер жасалгасы менен аргымак мингизип, Итэмген менен анын аялына кымбат баалуу кийим, белек-бечкектерди берип жиберет. Айт тууганын көргөнүнө ыраазы болуп, баарын Жумгалда күткөн ата-энесине, туугандарына төкпөй-чачпай айтып бергенде, өзүн-өзү токтото албаган Итэмген сагынгандыктан, кусалыктан, кубангандыктан ыйлап жиберет. “Бир боорум Сүтэмген өлгөн эмес турбайбы, тирилип кайра келген турбайбы. Чапкынчы чыныгы атасын жазбай тарткан турбайбы” деп бир топко өзүн токтото албай турду. Муну түшүнсө болот эле. Анткени, Сүтэмгенден айрылгандан бери өзүн жаман сезип жүргөн. Азыр баласынан Чапкынчынын амандыгын, эл коргогон баатырдыгын укканда кичине болсо да өзүн жеңил сезип калды.

Бир туугандын кадырын бир тууган билет. Айт келип кеткенден кийин Чапкынчы атасынын бир тууганы Итэмген авасын көрүүнү эңседи. Анан энеси менен коштошуп, Жумгалга жол тартты. Жүрөгүндө кандайдыр бир күч ээ-жаа бербей, көздөгөн жерине эртерээкк жетүүнү самап баратты. Карылык да ал кезде Итэмген алдан-күчтөн тайып баспай калган кези эле. Чапкынчы астанадан аттап келгенде эле, аны басып ьуркурап ыйлап жиберди. Чапкынчы көзүнөн жаш кандайча куюлуп жаткан сезген жок. “Каралдым, келчи дагы бир жолу боорума бек кысып алайын!” - деп Чапкынчыны дагы кучагына кысып ыйлап жатты.

Ал кезде кыргыздар калмактар менен жер талашып урушуп жаткан учур экен. Баштарына караңгы түн түшүп мүңкүрөп турган туугандары андан жардам берүүсүн суранат. Ачуусу келген Чапкынчы калмактарды сүрүп Каракеченин ылдый жагындагы Беш-Мойнок деген жерде катуу кан төгүү болуп, калмак батырынын Чаар атына ок тийип өлөт. Ал жер ошондон бери “Чаар-Ат” деп аталып калганы ушундан. Атаганат Чапкынчынын жолборс жүрөк экенинин ушунан билиниз калмактардын сазайып берип, Каракече, Сон-Көлдөн ары сүрүп, Казан-Куйгандан ары аргалары кеткен калмактар качып кутулган. Бул жер кармак ханынын ордосу болгон. Чапкынчынын баатырдыгына тан беришип, ага ыраазылык билдиришип, желге жеткирбес аргымак мингизип, илбирс ичик кийгизип, энесине кундуз ичип берип узатышат. Туугандарынын белектерин энесине алып барганда баласынын бетинен алмак-салмак өөп, ыраазы болгон. Арадан мезгил өтүп, балдары Кудаке, Араке, Обозбек эс тарта баштайт. Ошол кезде Чапкынчы энеси менен балдарын чогултуп, Жумгалга туугандарына көчүп кетүү жөнүндөгү сунушун билдирет. Чапкынчы үч уулдан кийин дагы жети балалуу болот. Алар - Дидар, каландар, Калтатай, Асанбек, Бакыбек, Салымбек жана Жапар. Өзбектен запкы жеген калмактар кайрадан жаңы күч курап, согуш ачат. Өзбектар кайра Чапкынчыга өтүнүч менен кайрылышат. Баатырдыгы арткан Чапкынчы калмактардын мизин кайтарып, согуш токтойт. Көңүлү саамга болсо да тынч алган Чапкынчы эми Жумгалга туугандарына үй-бүлөсү менен кетүүнү чечет. Тагдырдын таш боордугун кара ошол кезде элди кара тумоо каптап, кал чөп чапкандай четтен кырыла баштайт. Эл катарында Чапкынчы да илдетке чалдыгып, жалган дүйнө менен кош айтышат. Мындан амалдан качып кутулуунун амалын ойлогон Чапкынчынын улуу баласы Кудаке акылмандык кылып, инилери Араке менен Обозбекти эрчитип Жумгалга качып келет. Итэмген өлөрүндө балдарына керез катары айткан экен: “Балдарым кокус Сүтэмгендин уулу Чапкынчы бала-чакасы менен көчүп келсе Жумгалдын эн жакшы жерин бергиле. Анын эмне айтса аны эки кылбай аткаргыла. Силер бир туугандын балдарысыңар, мен айтканды эсиңерге бекем сактап калгыла!” Атасынын айткандарын орундатып, Кудаке, Араке, Обозбекти Итэмгендин балдары жалуу маанайда тосуп алышып, аларга колдон келген көмөктөрүн көрсөткөн дешет. Атасынын каны бар да Кудаке атасын тартып баатыр чыгат. Бул учурда Жумгал аймагындагы калмактарды Доорон бий башкарып турган. Элди кыйнап арык каздырып, эгин айдатып, айтор жасабагандын баарын мажбурлап аткарткан. Ошол арык кийин “Калмак арык” аталып калган дешет. “Башка салса байтал жорго” демекчи Кудаке бир бай калмактын малын багып жанын багат. Араке менен Обосбек Доорон бийге малай болушат. Бир күнү Курадкени үч калмак келип кармап алат да Доорон бийдин Шурубек аттуу жоргосун кармап келсен каалаганыңды беребиз дешет. Башкар аргасы жок экенин туйган Кудаке үч күндөн кийин келгиле кармап берем деп убадасын берет. Ал үч күң далай амал менен аракет кылаганы менен жоргону кармай албай коёт. Болжогон күнү калмактар келип Кудакени таппайт. Төртүнчү күнү дегенде гана кудаке айткан жоргону кармап, аны Казан-Куйгандагы калмактын Жайсаң ханына тартуу кылат. Жоргосун урдаткан Доорон бий булар бүгүн менин жоргомду уурдашты, эртен менин жанымды уурдап кетпесин деген кооптонуу менен бул жерден көчүп кетүүгө камынат. Чапкынчынын уулу Кудаке 110 жашка чыгып набыт болуптур.

Мына ошентип, Чапкынчынын үч баласы Жумгалда, ал эми жети баласы Ошто, Хожентте, Анжиянда, Ташкентте, Жалал-Абадда жана башка жерлерде жашап калган дешет. Чапкынчы атабыз болсо Оштун “Жазы” деген жеринде кайтыш болуп, сөөгү ошол жерге коюлуптур...

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

10-03-2021
Шырдакбек
1656

09-03-2021
Баткендин материалдык маданий мурастары
1470

01-03-2021
Лейлек мазарлары
2691

01-03-2021
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу
1273

26-02-2021
Инсандар тууралуу учкай кеп
1428

26-02-2021
Маргун - чапкылдыктар ордосу
1345

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×