Добавить статью
22:12 26 Февраля 2021 4779
Маргун - чапкылдыктар ордосу

Адатта кандай гана айыл же кыштак, тоо-адыр, өрөөн-сайлардын аталышына терең сереп салып көрсөң, ар биринин айтылып келген тарыхый таржымалы бар экенине күбө болосуң. Маргун айылынын да тээ атамзамандан бери ооздон-оозго уланып айтылып келген легенда өңдөнгөн тарыхы бар. Бул жашырганда эмне тажиктин сөзү. “Мар” жылан дегенди билдирсе, “гум” дегени гумжам болду же болбосо жок болду дегенди туюндурат. Анткени, кайсыл жылдар экени тууралу так маалыматтар жок, айтор ошол мезгилде бул жерди уулуу, таажылуу жыландар мекендешчү дешет. Ал тургай мындайча айтылган легендасы бар: “Болгонбу, болбогонбу, чынбы, төгүнбү ким билсин? Бир дыйкан аялы менен жашаптыр. Алардын бир уул, бир кызы бар экен. Күндөрдүн бир күнүндө дыйкан эрте жазда өгүз менен жер айдап жатып, топурак арасынан күнгө чагылышып, көз уюлткан жалтыраган бир нерсеге көзү түшөт. Топуракты ачып караса татынакай бычак экен. Анын капталында минтип жазылган жазууну көрөт: “Эгер ушул бычак менен кимдир бирөө бир нерсени кесип жесе ал ошол замат ажыдаарга айланат!” Дыйкандын эмнегедир бул саам жүрөгү опкоолжуп, бир жамандык туйгансып, топурак үстүнө көчүк басып кыйлага олтуруп калган экен. “Эмне кылсам? Кайра жерге көмүп койсом, башка бирөө таап алса, алардын убалына калбаймбы? Кой андан көрө үйгө алып барып, балдарымдын колу жетпеген, билбеген жерге катып салайын!” деген чечимге келет.

Дыйкан үйүнө келгенде аялы камыр жууруп, уул-кызы ойноп олтурушкан. Ал болгон окуяны аялына шашпай айтып берет. Муну уккан аялы чочуп кетет: “Эмне балакетти үйгө алып келенсиң. Кайдан тапсан ошол жакка алып барып көмүп кой. Же сууга ыргытып жибер!” өкүмдүү сүйлөйт. “Кой кемпир, акылыңа кел. Бирөөгө жамандык ыраа көрбөйлү. Андан көрө сен камырыңды кыла бер. Мен бул бычакты балдар көрбөгөн жерге катып коёюн” деп, койнуна катып келген бычакты аялынын эски гүлдүү жоолугуна ороп жатканын кызы капилеттен көрүп калат. Анан жанагы бычакты үйдүн шыбына кыстарып койгонун да терезеден аңдыйт. Муну ошол саам шаштысы кетип, аргасы жок турган атасы кайдан билсин?

Ошентип, арадан кыйла айлар өтүп күз мезгили келип, дыйкандын эрте жаздан бери төккөн маңдай теринин акыбети кайтып, эккен эгини, жашылча-жемиши, коон-дарбызы бышып турган чак . Дыйканды кошуна айылдагы жакын туугандары тойго чакырган. Ошого камынып, талаадан бышкан коон-дарбыздан үйүнө арбын ала келген. Той деген той эмеспи. Кемпири тойго алып бара турган кийим-кечектерин белендесе, дыйкан жашылча-жемиш, коон-дарбыздарды атка артып, жолго чыгышат. Анда уул-кызы бири бешке, экинчиси жетиге чыгып калган курактары эле. Алар ата-энелери конокко кетип үйдө калышат. Экөө кыйлага ойношуп, бир кезде курсактары ачкандыктан чай ичүүгө камданышат. Бала сыртта турган коонду үйгө көтөрүп чыгып, аны кесип жеш үчүн бычак издеп таппай коёт. Бир туугандар үйдүн бардык жерин карап чыгышат. Ошол кезде кыздын эсине бир нерсе кылт этет: “Таптым, тээ тиги шыпты карасаң. Ошол жерде энемдин эс жоолугуна катылган бычак бар. Ал аябай кооз бычак. Жалтырак.” Муну уккан бала шыптагы бычакты алуу үчүн көп убара тартат. “Адамдан айла качып кутулабы” демекчи акыры жанагы атасы каткан бычакты шыптан алышат. Бала да экөөнүн кубанганын айтпа. Бирок, алардын ал кезде сабаты кайдан болсун. Окуганды билишчү эмес. Бычактын капталындагы жазууну көрүп, аны оймо-чийме деп ойлошту. Ошентип балдар таап алган бычак менен коонду тойгончо кесип жешти.

Дыйкан аялы менен коноктон эртеси көңүлү көтөрүңкү кайтты. Үйүнө кирип балдарынын дасторкон жанында уктап жатканын көрүп кайра сыртка чыкты. Оюнда эч нерсе жок. Анан аялы кирип, кесилген коон жанында жаткан бычакты көрүп, ачуу кыйкырып алды да, эстен танып жерге кулап түшөт. Сыртта ар кандай жумуштар менен алек болуп жүргөн дыйкан күтүүсүздөн аялынын ачуу кыйкырыгын угаар замат дене бою калчылдап чыкты. Келмеси оозунан түшкөн таризде үйгө кирип, босогодо өңү купкуу аялынын жерде жатканын көрүп, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей башын көтөрөт. Анан колундагы жерден таап алган бычакты көрүп, ачуу бакырып алат. “Шорум бар турбайбы, шорум! Муну кайдан да таап үйгө алып келдим эле. О-о кудай бул эмне кылганың. Кайсыл күнөөбүз үчүн мындай каргашалуу күндү бизге ыраа көрдүң. Бул бычакты тоо арасына барып көмүп салсам эмне!” деп кадимки жаш бала сымал жашып жатты. Бирок, баары кеч эле... Ырасында ал көз ирмемди элестетүүнүн өзү жеңилге турбас. Дыйкан аялы менен балдарын көтөрүп, адыр боорундагы үңкүргө алып барышат. Бул кезде балдардын адамдык сапаты кетип, жыландарча дем алып, дем чыгарып калган кези болчу. Күнүнө балдарына тамак ташыйт аргалары түгөнгөн шордуу ата-эне. Бул учурда балдар кадимки ажыдаарга айланып, тамак алып келген атасын, эртесинде апасын жутуп коюшат. Курсактары ачкан эки ажыдаар үнкүрдөн чыгышып, кошуна айылдагы тынч турмуш кечирип жаткан айыл элин жутушат. Ал кезде уургачысынын боюнда болуп, көп баса албай кыйналып калган учуру эле. Кадимки Козу-Баглан эрте жазда өзөнгө батпай күкүрөп-шаркырап тентектенип агып жаткан. Жанагы дайрадан уургачы сүзүп өтө албай, кыйналып жатып өлөт. Эркеги андан ары жортуулун улантып, жашоодогу бейпил турмуштарын кечирип жаткан дагы бир нече айылдагы элди жутат. Анан акыры бир айыл адамы кыштак четиндеги устанага качып жашынып калат. Ажыдаар ал адамды ошол жашынган устаканага кошуп жутуп жибериптир. Көрсө жашынган адам айылдын темир устасы катары ошол устаканада иштеген колунан көөрү төгүлгөн иштерман экен. Ал көөрүгүн тынбай иштетип олтуруп, жанагы ажыдаардын ичин жарып, башка айылдагы адамдарды ажыдаардан куткарып калган экен...”

Албетте, бул айтылган легенде кадимки жомок сымал туюлушу да ыктымал. Бирок муну болгон деп айылдын улуу муунрдагы аксакалдары айтып калышаар эле. Көрсө аларга да жаш кезинде чон аталары айткан экен. Легенданы калп дейин десең азыр Маргун айылынын күн чыгыш тарабынан орун алган “Аззаар” (“Ажыдаар”) деген үңкүр бар. Кээде тескей жактап жортуп соккон шамал жүрсө, аны айыл аксакалдары “Аззаардын жели” экен деп коюшат. Анын түпкүрүнө жеткен, же тарыхый изилдөө жүргүзгөн бирөө болгон жок. Айтор, Маргун айылынын кандайча аталып калганы тууралу ушундайча легендасы бар. Муну жөн жеринен китепке сунуштаган жерибиз жок, тек гана кийинки муундарга эстелик-мурас болуп калсын деген ниет. Бизге жеткен тарыхый маалымат тармактарынан, санжыра, уламыш, далилдерден улам Маргун айылынын баштан кечирген тарыхы бар экенине ынанасың. Айылдын сураган адамга ирети менен шашпай айтып бере турган тарыхы, аны чакан мекен тутуп, эчен кылымдардан бери жашап келген айтылуу асыл адамдары болгон. Албетте, алардын баары жөнүндө тиешелүү же болбосо зарыл делген далилдердин бизге жетпей калганы өкүнүчтүү. Бирок, биздеги илгери үмүт айылыбыздан дагы артта калган тарыхыбызга терең сүңгүп кирип, изилдөө иштерин аркалап, далай элибизге туман сымал катылып келген маалыматтарды алып чыгаар. “Жакшы ниет, жарым ырыс” демекчи ал күндөр да алыс эмес экенине ишеним арта туралы.

“Дархум” айылынын да эзелтеден бери айтылып келген уламышы бар. Качан, кайсыл мезгил экенин ким билсин, айтор айылды душмандар кокусунан басып кирип, аргасы түгөнгөн эл жанын сактап калуу максатында төкүнүн таштап качып жөнөшкөн экен. Ошондо ичи алтынга толо он кумган калып калыптыр. Аны душмандар таап алышып, ошондон улам “он кумган” “Дархум” деп аталып калганын айтып жүрүшөт. Ошондо хандык кызы кырк кыз менен жети өгүзгө кымбат баалуу буюм-седептерин салып баратып, душмандын колуна түшүп кор болгончо ташка айланып калалы деп кудайдан тилеген дешет. Кудай кыздардын муң-зарын угуп, алардын тилегин кабыл кылып, ташка айландырыптыр. Бул айтылган уламышты төгүнгө чыгарбай, тастыктап келген далилдер бар айылда. Кырк кызды катарлаш ээрчиткен хан кызы, алардын буюм-тайымдары артылган жети өгүздүн элесин берген таштар сакталуу...

Маргун айылында муундан муунга азадектелип сакталып келген ата салты, үрп-адат, каада-салттары бар. Биздин айылдын башка айылдагы тургундардан айрымаланганы деле ушундан улам болсо керек. “Ааламга кеткен жол айылдан башталат” демекчи, ар бир пендеге өзүнүн киндик тамган туулган айылы ыйык. Канча алыс жүрсөң да алыста калган айылыңдин кандайдыр бир касиети ар убак өзүнө тартып турат. Айрыкча алыстан кусалыгың артып, өскөн жериңе сагычың жан дүйнөңө ээ-жаа бербей, дегдеп баратканда тиги жагы “Бели-Сыныктан”, бул тарабы “Шородон” өткөн мезгилде Маргун айылын алаканга салгандай дап-даана көрүнүп, анын илеби бүткөн боюңду бийлеп алган керемет сыйкыр күчтү туйган бар, туйбаган бар. Мындай абьалга алыста тиричилигин кечирип жүргөн айыл жарандары жакшы билет. “Туулган жердин топурагы алтын” деген накыл кеп балким ушундан улам айтылып келсе керек деген да ой жаралат. Мен да ушул айылдын кулуну болгон соң колума калем сап алып, мына мындай ыр саптарын кагаз бетине түшүрүүнү чыгармачыл пенде катары ылайык көрдүм:

Бир айыл бар алакандай алыста,

Тартып турган, куса кылган өзүнө.

Не ажайып, кереметтүү күчү бар,

Сулуулукту сүртүп алган өңүнө.

Ырас чакан, кичинекей бу айыл,

Эли ыймандуу, ынтымактуу, бактылуу.

Зор тарыхты кучагына батырган,

Маргун бизге ысык туур, ыйык туу.

Канча атуул, залкарлардын көзү өткөн,

Кезегинде айыл даңкын чыгарган.

Оо алардын өмүрлөрү өрнөктүү,

Айылыбыздын турпагына айланган.

Өткөндөргө таазим кылбай эртеңге,

Үмүт менен жашоо кыйын бу чындык.

Улуулардын кийинкиге калтырган,

Мурастарын бийик туттук, туу туттук.

Туулган айлым – бүтпөс тарых, санжыра,

Байлыкка бай, түк түгөнгүз казына.

Маргунумдун кереметтүү күчү бар,

Теңдештиргис башкалардын айлына!..

Маргун айылы өлкө борборунан бир миң бир жүз чакырым алыс аймакта жайгашкан. Ал Дархум жана Даргаз айылдарынан турат. Эгер тарыхка сереп сала турган болсок, анда ХҮ111 кылымда Жунгар бийлиги өкүм сүрүп турган мезгилде Нарындын Жумгал жергесинен ооп келген эл айтылуу Даш-Раватты мекендеп, байыр алып калган деген маалыматтар кездешет. Айтор, андан бери он төрт муун алмашкан. Тагдырдын буйругуна баш ийип, тажик, өзбектер бирге күң кечирип, алар менен тил табышып, ынтымакта жашап келген. Кези келгенде аларга сес көрсөткөн учурлары болгону да айтылат. Чапкылдыктардын ордосу Маргун айылы Хожент, Ташкент, Кокон сымал тарыхый шарларга чукул жайгашкандыктан алар менен тыгыз алакада болуп, соода-сатык жүргүзүп, достуктун, карым-катнаштын тамырын тереңдеткен, өзөгүн бекемдеткен улуу калк болгон. Ошол кезде эле чөлкөмдө жашаган калк арасында үстөмдүк кылышып, өтүмдүү кепке жем таштаган акылмандар арбын болгон экен. “Улуу калк” деп ушундан улам айтылып калган болуш керек. Бекеринен бизди башка уруу өкүлдөрү “Великий народ” деп аташпаган чыгар.

Ошол кездеги Кокон, Хожнет хандыгын башкаруудагы жооптуу кызматтарды биздин чапкылдыктар ээлеп турганын сыймык менен белгилеп кетүүгө болот. Биздин уруунун Даш-Раватты байырлап калышы, анын айланасындагы жер-суулардын, адыр-сайлардын, тоо-өзөндөрдүн аттарын кыргызча атоого себепчи болгон. Кеп далили иретинде айта кетели: Ак-Таш, Көк-Мойнок, Арпа-Пая, Кашка-Суу, Көк-Булак, Сасык-Сай, Көк-Жантак, Бели-Сынык ж.б.

Маргун, Дархум, Даргаз айылдарынын тургундары кимдерден тараган? Сөз ушул багытта улансын. Жакшы кожонун үч уулу болгон. Алар Ажи бий, Бакыбек, Сали. Ажи бийден Имамшык, Куткабий, Надыр, Шүкүр, Асаналы, Жапар, Тайлакы, Калтатай аттуу балдар төрөлгөн. Ажи бийдин балдарынын арасынан Куткабий кыйын чыгат. Ал ары акылдуу, тоо жүрөк баатыр, адилет, чынчыл, орундуу сөз сүйлөгөн эр азаматтардан болот. Мала хан Коконду башкарып бийлик жүргүзүп турган учурда Кутка бийдин урпагы Досмат кенже уулу Мала ханга хан аталык кылып турган. Бирок Мала хан көп мезгилге хандыгын жүргүзө албай, аны сарт кыпчактан чыккан Мусурманкул көтөрүлүш чыгарып, Мала хан хандыктан алынып, анын аталыгы болгон Досмат хан сарайында өлтүрүлгөн. Ошол учурда бой жеткен Досматтын уулу Сатыбалды өзүнүн кол астындагы адамдары менен Булак-Башы айылынан Исфана айылына чейинки жашаган элди бийлеген миң башы болуп дайындалат. Кокон хандыгына Кудаяр хан болгондон кийин чапкылдыктар менен хандын арасындагы мамилелер жакшырып, хан чапкылдык уруусуна чон ишеним арткан. Кудаяр хандык учурунда маргунчу Мавлян аскер башчы болсо, молдо Муса Керим уулу казына башчылык милдетти аткарган.

Сатыбалдыдан кийин Салимбек уруусунан Бердикул мин башы болуп дайындалып, аны 1905-1910-жылдары тажик Жусуп Мирпиязов алмаштырган. Ал чөлкөмдө жашагандарды Бөксө-Сибир, Байкесек, Чапкылдык деп үч болуштукка бөлөт. Мындан улам көрүнүп тургандай чапкылдык болушун Сатыбалдынын небереси Досмат, Рустам, Бердикулдун уулу Ташполот жана Тилла Ибраимовдор башкарган. Демек Жакшы кожонун балдары Ажи бий, Бакы, Сали. Бакыдан бакыбектер тарап, алар Даргаз айылында жашаса, ал эми Салиден Салимбектер Дархум айылын байырлап калышат. Ал эми Ажи бийдин балдары Имамшык, Куткабий, Надыр, Шүкүр, Асаналы, Кутка бийден тарагандар дидар, Досмат, Рысматтын балдары Маргунда, Надыр менен Шүкүрдүн балдары Дархумда, Асаналиинин балдары Шоро, Бешкент, Ылайлыда жашап калышат. Надырдын балдары чоң болгондуктан алар эл тарабынан төөлөр накалы сакталып, Шүкүрдүн балдары торпоктой ыйлаактыгынан торпок тобу аталып келген.

Кутка бийдин балдары Рысматтан Каландар, Каландардан Акжол, Кадыркул, Кенже, Сапар, Жапар, Ташымбай, Кожомкул деген балдары болгон. Досматтан болсо карапорчолор тараган. Ошол мезгилде чон той болуп, тойго деген этти Досматтын балдары бышырып тойго алып барат дейт. Анан караса сөөктөрдөгү кара порчо эттер жок болуп чыгат. Болгон окуя эл чогулган жерде катуу айтылып, ошондон кийин аларды кара порчорлор деп аташкан экен. Кутка бийдин эң чоң уулу Дидардын Айбаш, Тентек, Темирбай, Шообас деген балдары болгон. Дал ошол Шообастын кара топулар уурусунан Фергана өрөөнүн дүңгүрөткөн, далысы жерге тийбеген, табылгы - четиндерди бекем сыгып суусун чыгарган, билеги темирдей, мойну өгүздүн мойнундай, галошуна улак-козу кирип жатып алса көрүнбөгөн, адамдарды алпы Мамбеткул как моюн деген атактуу балбан чыккан дешет. Анын кыйындыгын ушунан билиңиз. Тогуз нан, бир койдун этин бүкүлү жеп, кармагандын кабыргасын кайыштырган касиети болгон. Бой көтөрбөгөн, ооз көптүрүп мактанбаган, сылык-сыпаа пенде болгонун айтып жүрүшөт. Бир жакка барганда үч ат менен сапарга чыкчу экен. Анткени, бир ат аны көтөрө алчу эмес. Анын уулу Амир дагы атасын тартып күчү ашып-ташкан балбан болгон. Тилекке каршы алардын урук-тукуму калбаганы өкүнүчтүү. Мамбеткул балбандын жолун улантып, Рүстөм балбандын атагы чыга баштайт. Ал Ракыя атуу сулууга ашык болуп, экөө Кашка-Суу деген булакта кездешчү. Азга тойбос, көптү эңсеткен жаштык куракта махабаттын орду башка болот. Бир күнү алар болжошкон булак жанында жолугушуп, ашыглыктын кумарына батып, эч нерсени этибарга албай, баарын көз ирмемге унуткарганын кыз-келиндер көрүп калып, аны Ракыянын ата-энесине жеткирет. Ракыянын ата-энеи колдунда бар байлардан болгондуктан Рүстөм балбанды агасы Малага кошуп Сибирге сүргүнгө айдатып жибериптир. Ал Сибирден сүргүн мөөнөтүн өтөп келгенден кийин соода-сатыкка аралашып, Кокон бийлиги менен алака түзөт. Ошол учурда Кокондун белгилүү байы жети күндүк той берип, күрөшкө кыргыз, өзбектердин атагы чыккан балбандары келишет. Рүстөм өзүнүн чыныгы жеңилбес балбан экенин ырастап, мыкты деген он сегиз балбанды жыккан экен. Чын дилинен жактырган Ракыяны ала албаганына көзү жеткенден кийин тажиктин суйкайган сулуу кызына үйлөнгөн дешет.

Айтор, чапкылдыктарда балбандар мурунтадан чыгып келген. Кийин алардын жолун жолдогон Абдырахман палван чыккан. Ал дагы тажикстан, өзбекстандагы менмен деген палвандардын далысын жерге тийгизип, өзүнүн салмагынын эки-ү эсе оор салмактагыларды тик көтөрүп чапканын көрүп-билип калдык. Анын атасы Ботобек чөлкөмгө атагы тараган чабандес болгон. Той-мааракелерди баш байгени колдон чыгарчу эмес дешет. Атаганат, Абдрахман палвандын өмүрү кыска экен. Отуз беш жашында белгисиз бирөөлөрдун колунан ажал тапты. Аны көрөалбастар өлтүргөн деген айың кептер айтылып калат. “Баатырдын өзү өлсө да аты өлбөйт” деп коюшат эмеспи. Абдырахман палван арабызда болбогону менен анын ысмындагы лейлек күрөшү боюнча мелдеш райондун кулундарынын демилгеси менен жыл сайын салт катары уюштурулуп келет...

Курт-кумурскалардын тилин билген адам болгон десе айрымдар “ошондой да болмок” деп ишенбээри мүмкүн. Бирок, чындыгында биздин Маргун айылында ушундай адам - Карабай-ажы жашаган. Ал курт-кумурскалардын тилин билмек түгүл, алар менен сырдашкан касиеттүү пенде болгон. Кокус айылда кимдир бирөөнү уулуу жылан же кара курт чакса, ааны ошол замат дубалап, касиеттүү деми менен ууну адамдын денесинен чыгарып салган сыйкырдуу күчкө ээ болгон. Аны менен чогуу жүргөн адамдарды эч качан басырык баскан эмес дешет. Көрсө Карабай-ажы атаганат албарстынын дубасын билген экен. Бул адамдагы дагы бир касиет төрөт маалында кара баскан аялдарды заматтын ортосунда дубалап сакайтканын айтышат...

Маргун айылынын биз көрүп – билип калган кадырлуу аксакалдары болгон. Алар - Нурматов Бегалы, Жакыпов Ормош, Жусупов Дыйкан аксакалдар. Ушул ысымдары аталган айылдын асыл карылары чындыгында айыл тарыхын мыкты билген адамдар болгонуна эми ынанып олтурабыз. Атаганат, алардын көзү тирүү кезинде айтып берген алтындан кымбат кептерин тасмага жаздырып калбайт белек. “Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” демекчи эми өкүнгөндө не пайда. Алардын айткандарына караганда 1916-жылы республиканын түндүгүндө үркүн болгондо, биздин чөлкөмдө эч кандай үркүү болгон эмес экен. Ошол жылдары эки-үч жыл эгин болбой, калк катуу кыйынчылыкка туш болуптур. Ошондо чапкылдык уруусунун чыдамкайлыгы, бири-бирине арка-жөлөк болгону, бири-бирин көтөрмөлөгөнү элди көп нерселерден кароолдоп калган.

Улуу Октябрь революциясы жеңишке жетишкенден кийин жаңы өкмөт орноп алгачкы арымдар башталганда көп бут тосуулар болгон. Түзүлгөн өкмөткө каршы чыккан Тургун, Машрап, Турдубай, Абдилла, Ташполот өңдүү корбашчылар элин бүлүнгө учуратып, талап-тоноп турушкан. Ал тургай каршылык көрсөткөндөрдү өлтүрүп кетишкен. Дархумдан чыккан Ташполот корбашы чыракты деген үңкүрдө жарадар болуп, жашынып жаткан жеринде өз адамдары атып өлтүргөн. 1919-1932-жылдарда кызыл отрядга Бегалы Нурматов командир болуп, анын катарына кирген Жакыпов Ормош, Досов Ташан, Исабеков Жусуп сыяктуу эр-азаматтар элге-журтка кыргын салып турган басмачыларга каршы аёсуз күрөш жүргүзгөн. Басмачы- корбашыларды жеңгенден кийин коллективдешкен чарбаларды түзүүгө татыктуу салымдарын кошушкан. Кызыл отрядды он эки жыл жетектеп, чарбаны адеп түзүүдө, анын материалдык техникалык базасын бекемдөөдө кошкон бараандуу салымы үчүн Түркстан башкы командасынын атайын белегин алган. Ошол кездеги партизандык кыймылдын активдүү катышуучуларынын бири - Жакыпов Ормош. Ал райондо биринчи ирет батрактардын төрагасы болгон.

Аймактык тилкелердин аныкталбагандыгынан улам Маргун айылы Сүлүктү районунун курамында болгон. 1919-1928-жылдар аралыгында Назар Жолдошев менен Атакул аксакалдар башкарган экен. 1923-жылы айыл тарыхында чоң окуя болуп, Маргун башталгыч мектеби ачылган. Анда адеп сабак араб тилинде жүргүзүлгөн. Мунун да айтып олтурса кызык таржымалы бар. Айылдагы мектептин “Дүйшөнү” же болбосо биринчи мугалими Кыскөздүк Гапар Сатаров болгону белгилүү. Ал кезде заман оомалуу-төкмөлүү келип, жаңы ачылган мектепке жергиликтуу тургундар балдарын берүүдөн кооптонушуп, адеп жети-сегиз бала окуган экен. Мындагы элдин сабатын жоюу кыйынга тургандыктан ал кайра айылына кетип калган дешет. Ошондо Ташполот уулу Шер мектепти кайрадан ачууга белсенгени айтылат. Анын атасы маалында басамчылар тароапта болуп, элге көп кордук көрсөткөн. Ошонон уламбы айтор айылдыктар да Шерден күмөн санашкан. Шер зээндүү, көп нерсеге жөндөмдүү келип, араб тилин билген. Кийин орус отрядынын катарындагы жоокерлер менен аралашып, алардын тилин кыска мезгил аралыгында өздөштүрүп алганы бар. Шер адеп Маргунга келгенде отустун кастюм-шымын, шапкесин кийип, колуна папке көтөрүп келген. Жыйырмага жаңы толгон курагы экен. Анда мындай кийим кийген айылдыктар үчүн эрөөн көрүнгөн. Ошондо айылдагылар арасында : “Ташполоттун уулу орус болуп калыптыр. Балдарыбызды орусча окутат имиш, балдар-кыздарды бирге олтургузат экен. Орустун тилин окутуп, балдарга орусча тария берип, балдарыбыздын динден чыгарып, каапыр кылат дейт” - деген ушак, айын кептер тарайт. Мына ошол күндөн баштап ал “Шер орус” деген атка конгон экен. Шер айыл балдарын окутууга, алардын сабатсыздыгын жоюуну алдына улуу максат кылып койгон. Кыш мезгили жакындап калгандыктан, айылдын ат-эшегин айдап алып, тоодон отун жыйнап келди мектеп үчүн. Ал кезде тап душмандарынын аягы басыла элек кез эле. Алар: “Балдарыңарды оруска окутпагыла. Балдарыңар мусулманчылыктын чегинен такыр чыгып кетет!” дешип эл арасында тескери саясат жүргүзүшкөн. Баштаган ишин таштабай, айыл балдарын окуткан Шер башынан ал кезде канча оор, түйшүктүү күндөрдү өткөрбөдү дейсиз. Мындан улам бамдалып тургандай Маргун айылынын элинин сабаттуулугун жоюуда Шер Ташполот улунун салымы салмактуу. Шердин эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Эл агартуунун отличниги болгонун ырастаган документтер бар. “Маргун” мектеби адеп араб арибинде балдарды окутса, 1928-40-жылдары латын тамгасында ал эми 1940-жылдан тартып орус арибине өткөн. Мектеп адегенде башталгыч, 1963-жылы сегиз жылдык, 1966-жылдан бери орто мектеп статусуна ээ. Азыр мектеп айылдын ардактуу адамы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Мурзабек Баетовдун ысмын алып келет...

... 1929-жылы айыл чарба артели түзүлүп, анын курамына жыйырма адам мүчө болуп киргени жазылган. Артелди башкаруу жоопкерчилиги Бегали Нурматовго милдеттендирилген. Ал киши жүзүнөн нуру төгүлгөн жылдыздуу адам болгон дешет. 1932-жылы чарба ошол кездеги кыргыз көрүнүктүү уулу Орозбековдун ысмын алган. 1938-жылдан 1992-жылга чейин “Коминтерн” колхозу, кийин совхоз катары катталып, 1992-жылдын февраль айынан тартып Маргун айыл чарба кооперативи болуп түзүлгөн. Анда эмесе назарыңыздарды Маргун айылы адеп незилделгенден баштар кимдер башчы, жетекчи болуп келген тизмеге буралы:

1. Нурматов Бегалы 1929 – 1930-жылдар.

2. Малабеков Мурат 1930-жылы 6 ай башкарган.

3. Атамбеков Бектемир 1931-жылы.

4. Назаров Мурза 1931 – 1933-жылдар.

5. Шамуратов Айдар 1933 – 1935-жылдар.

6. Нурматов Бегалы 1935 – 1937-жылдар.

7. Султанов Абдыкалык 1937 – 1938-жылдар.

8. Нуранов Каразак 1938 – 1939-жылдар.

9. Нурматов Бегалы 1939 – 1940-жылдар.

10. Аманов Түркбай 1940 – 1949-жылдар.

11. Темиров Кундуз 1949 - 1950-жылдар.

12. Токтобаев Аззам 1950-жылы сентябрга чейин.

13. Абдрасулов Темир 1950 – 1951-жылдар.

14. Айжигитов Дооран 1951 – 1953-жылдар.

15. Жумагулов Муса 1953 – 1956-жылдар.

16. Баетов Мурзабек 1956 – 1972-жылдар.

17. Клочко К.Ф. 1972 – 1982-жылдар.

18. Шамшиев Салымбек 1982 – 1986-жылдар.

19. Момунов Марипжан 1986 – 1987-жылдар.

20. Саттаров Сабыт 1987 – 1991-жылдар.

21. Пазылов Ысык 1991 – 1992-жылдар.

22. Ормошев Жолдошбай 1992 - 1996-жылдар.

23. Шайназаров Кубанычбек 1996 - 19

Жогорудагы жетекчилердин тизмесинен улам баары алаканга салгандай ачыкка чыкты сыяктанат. Демек мына ушул инсандар мезгилинде чарба башкарган азаматтар. Албетте, ар киминин жетекчи болуп иштеп тургандагы учурлары боюнча ар кандай көз караштар, ой-пикирлер эл оозунда айтылышы ыктымал. Чарбанын алгач пайдубалын түптөөдө Бегалы Нурматов аксакалдар эмгеги эбегейсиз экенин белгилеп кеткенибиз орундуу болор. Ал эми Улуу Ата мекендик согуш башталып, эл башына мүшкүл иш түшүп турган учурда чарбаны Түркбай Аманов башкарган. Демек, бул инсандын башкармалык тагдырына чындлыгында оор учур туш келген. Эр-азаматтардын бары эли-жерин душмандардан коргоо үчүн от күйгөн фронтко аттанса, айылда карыган кемпир-чалдар, кыз-келиндер, жаштар калган. Күн алыс согуштан суук кабар угузган “кара кагаз” келип, айыл ыйга батып калган мезгилди ким унутсун. Кыскасын айтканда 1945-жылдын 9-майындагы Улуу Жеңиштин жаралышына Маргундуктардын муштумдай болсо да үлүшү бар. Согуш учурундагы катаал кыйын шартка карабай өз ыктыярлары менен акча жиберген патриот аттуулдарыбыздын айрымдарынын ысымдарын эске сала кеткенибиз артыкбаш болбос. Мисалы: Нуажиев Заит 60 000 сом, Аманов Түркбай 50 000 сом, Гүлжигитов Исабай 40 000 сом, Жапаров Абдували 30 000 сом акчаны фронттоко жиберишсе, чарбанын белдүү актив мүчөлөрү беш миң сомдон каражат которушкан. Эгер айыл тарыхына маани бере турган болсок, анда беш жүз эр-азаматтар согушка кутман эл-жер үчүн аттанган. Аттиң десең бир алардын 142си кан төгүлгөн фронттон кайтпай калышты. Алардын денелери бөтөн жерге катылды. Канча энелердин кайгыдан жүрөгү сыздап, көз жашы тыйылбай жүрүп жарык дүйнө менен кош айтышканын бир азырокы муундар унутууга акыбыз жок. Биз бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз үчүн жанын курман кылгандардын эрдигине ар убак баш ийип таазим этүүгө акылуубуз. Чакан бир айылдан 142 уулдарыбыздын туулуп өскөн, киндик каны тамган жерине кайра келбегени учурунда чоң жоготуу болгон. Бул эмне жашоодогу арман эмеспи. Эх, өмүр! Кандай татаал, жандырмагы жок табышмак нерсе. Ушул саптарды жазып жатканда эмнегедир көкүрөгүм букка толуп, ыйлагым келип кетти... Согуш демекчи, фронттон канча деген баатыр уулдарыбыз жергесине жеңиш менен келген. Алардын бири Баба Якубов. Бул адам 1940-жылы аскерге чакырылып, согуш башталганда биринчилерден болуп душманга каршы турган совет аскери болгон. 1946-жылы Жапон менен согушка да катышып, эки жеңиш туусун жергесине желбиретип келген баатыр болгон. Аны айгинелеген орден, медалдары көп. Мындан сырткары айылдаш согуш ардагерлери: Азимов Шамши, Айтемиров Төрө, Мадалиев Саттар, Ысмайылов Абдилатиптер 1418 күн согуш талаасында жүрүп, душмандын мизин кайтарып, аларды Берлинге чейин кууп барып, рейстагка жеңиш желегин желбиреткен чыныгы согуштун каармандары. Мен алардын ар бири менен чын дилден кезегинде маек курган жайым бар. Ал б аарлашуулар райондук, облустук, республикалык маалымат каражаттарына жарык көргөн. Кийин үндөрүн тасмага жаздырып калганым үчүн азыр өзүмдү бактылуу сезем.

Кийин чарбаны өнүктүрүүдө, жергиликтүү журттун социалдык абалын жакшыртууда албетте чарбаны он алты жыл башкарган Мурзабек раистин эмгеги өзгөчө. Алардын баарын мен да көрүп-билип калган жайым бар. Райондо биринчилерден болуп деп айтсам жаңылыштык болбос биздин Маргун айылына АТС (автоматтык телефон станциясы) орнотулган. Жергиликтүү радио түйүнү иштеп, кыргыздын ыр-күүлөрүн угуп калганыбызды ким төгүнгө чыгарат. Ага дейре тажик менен өзбектердин ырларын угуп ал элдин чебер ырчы, аткаруучуларынын ысымдарын жатка билгенибизди кантип эстен чыгаралы. Анан дагы бир белгилей кетчү ошол кездеги жаңылык - Бешкент айылына чейин унаа жолубуздун асфалтталышы. Ошондо жаш экенбиз. Ажибаев Кайым ава жаңы “Запорожец” автоунаасын сатып алган. Анда айылда унаасы барлар саналуу эмес беле. Кайым аванын унаасы менен сегиз мүнөттө Шоро айылына жеткенибизди кээде эстеп жүрөм.

Маргун айылынын эли эмгекчил келет. Алар 1950-жылдары Кулунду каналын казууга учурунда бараандуу салымдарын кошушкан. Андан кийин 1960-жылдары Арка өрөөнүн кыска мезгил аралыгында гүлдөгөн аймакка айландырууга да көмөк көргөзгөнүнө тарых барактары күбө. Айтор, кылымдардан бери суусуз каркырап, кескелдирик, жыландардын мекенине айланган, шыбактан башка чөп өспөгөн чөлдү гүлдөтүүгө, жашыл аймакка айландырууда ошол жылдардагы раис Мурзабек Баетовдун үлүшү үлкөн. Арка жөнүндө кеп учугу уланганда эле адеп көз алдыбызга ал жерди биринчилерден болуп өздөштүрүүгө катышкан, маңдай терлерин төккөн дың жерчилер Токтош Абдуллаев менен Төлөк Аливедердин элеси тартылат. Алардын эмгеги мамлекет тарабынан жэогору бааланып, Ленин, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланышкан. Пахта өндүрүүнүн устаттары жылдык план-тапшырмаларын эки-үч күндө орундатканын сыймык менен эске алгыныбыз калыстык болор. Анда окуучу курагыбыз. Пахтага алып барчу. Көрсө ошондо биздин окуучулук күндөрүбүздүн көбү пахтазарда өткөн экен. Чигит жер бетине өнүп чыккан күндөн тартып адегенде жегенелөөгө, анан отоого, кийин чеканкалоого, терим учурунда болсо акыркы косек терилип бүткөнчө пахта талаасында болор элек. Биз пахтадан качып айылга чейин жөө келген күндөрүбүз болгон.

Өткөн ХХ кылымдын элүүнчү жылдарынан баштап айылыбыздан далай иш билги жетекчилер чыккан. Алардын катарына Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты, Ленин, Октябрь революциясы ордендеринин ээси, чарба раиси Мурзабек Баетовду, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Касиет Жапарованы, Ардак Белгиси орденинин ээси Турат Мсалаиевди кошууга болот. Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деп коёт. Бул жерден бул макалды мисалга келтиргенимдин да жөнү бар. Айылыбыздын асыл адамы Жапарова Касиет эженин жолун жолдогон небереси Талиева Камила Абдразак кызы Жогорку Кеңештин депутаты, кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри, маданият, туризм жана маалымат министри болуп мамлекеттик деңгээлдеги көрүнүктүү ишмердигин татыктуу улантууда. Совет маалында айылыздан чыккан белгилүү ишмер инсандарыбызды ар убак сөз кылууга акылуубуз. Айталы, Эшанкулов Надыр - Кыргыз керек-жарак коомунун башкармалыгын төрагасынын орун басары, Кошмуратов Гапар - Кыргыз ССРинин каржы министри, Жолдубаев Акмат - тажикстандын ички иштер министринин орун басары, Буранов Курбан - партиянын Жалал-Абад облустук комитетинин катчысы, Умаров Балтабай - Баткен райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Айжигитов Дооран - райондук жооптуу кызматтарды аркалаган, набиев Бурхан - Лейлек районунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп кезеги нде татыктуу кызмат өтөгөндөр.

Айтмакчы, спорт туурасында учкай кеп козгой кетели. Маргун айылынан чыккан Эсенбай Түркбаев учурунда эркин күрөш боюнча атагы алыска чыккан балбандардан болгон. Анын спорттук бир канча бийиктиктерди багындырып, “СССРдин спорт чебери” деген наамга татыктуу болгон. Эсенбей агайдын мындай жетишкендиги ал жылдарда Орто Азияда алгачкылардан болуп жаралганы айтылып келет. Ал менин класс жетекчим. Дегинкиси жашоодо ойго келбеген тагдырларды баштан кечиресиң. Минтип кеп баштаганымдын да себеби бар. Анда алты жашта элем. Мектепке барсам мени “али жашсың, бир жылдан кийин кел” деп класстан чыгарып жиберген. Ошондогу ызаланганымды айтпа. Үйгө ыйлап келгенимде, атам ыраматылык колумдан жетелеп, мектепке алып барган. Абдиллай агай атамдын теңтушу экен. “Журналга каттабай эле кой. Бир күн тажаганда окубай калар” деп айтканы эсимде. Бул мени катуу насытанткан. Ошентип, биринчи класста баарынан мыкты окуганмын. Абдиллай агай атама жолугуп: “Балаң баарынан жакшы окуп жатат. Журналга каттап койдум” деп айтканда атам кубанып үйгө жайдары келгени эсимде. Мен биринчи жолу мектепке барганымда мага класс жетекчи катары Абдиллай Түркбаев арип таанытып, санаганга үйрөткөн. Ал алтынчы класска чейин бул жоопкерчиликти аркалап, кийин алтынчы класстан баштап Эсенбай агай мектепти бүткөнчө класс жетекчи болгон. Жазылып көп сүйлөбөгөн адам эле. Бирөө менен чер жазып, сырдашканын деле көргөн жокмун. Аны айылдыктардын көпчүлүгү “Мастер” деп койчу. Өмүрүнүн акыркы учурларын шахмат ойноо менен өткөргөнүн билем. Эрмеги ошол болчу. Кыргыздын айтылуу акыны Аалы Токомбаев “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деп айтканы бар. Эсенбай агайдын спортко сиңирген эмгеги кийинки муундар тарабынан бааланып, мына минтип эркин күрөш боюнча анын ысмындагы Эл Аралык турнир өтүп жатат.

Чапкылдыктардын ордосу болгон Маргун айылынын ушундай тарыхы, таржымалы бар.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

10-03-2021
Шырдакбек
5838

09-03-2021
Баткендин материалдык маданий мурастары
3487

01-03-2021
Лейлек мазарлары
7751

01-03-2021
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу
5498

26-02-2021
Инсандар тууралуу учкай кеп
5744

25-02-2021
Чапкылдык
5658

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×