Добавить статью
11:07 9 Марта 2021 10315
Баткендин материалдык маданий мурастары
Ар бир элдин, жердин тарыхын тактоодо материалдык маданий мурастар, анын ичинде байыркы эстеликтер, шаар, турак-жайлардын жана коргон-чептердин урандыларын изилдөө аркылуу баа жеткис маалыматтарды алсак болот. Бул багытта тарых илиминин археология тармагында эмгектенишкен окумуштуулар иш алып барышат. Өлкөбүздүн алыскы аймактарынан болгон Баткен облусу байыркы маданий мурастарга бай аймактардын катарына кирет. Адамзаттын тарыхындагы алгачкы турак-жайлары табылган жана көөнө тарыхтарга күбө болгон жер. Ал гана эмес Манас жана анын кырк чоросунун сөөгү Баткендин Каратоосунда катылган дешет жергиликтүү калк.

Байыркы адамдар тарабынан мындан 200-400 миң жыл мурда таштан жасалган куралдар Кожобакырган-Сайдан табылган. Байыркы мезгилдерде темир, чоюн өндүрүлгөн аймактарда (Мадыген, Даркум, Даргаз, Аззаар, Оут, Чурбек, Рават, Чоюнчу ж.б.) руданын калдыктары жана шлактар бүгүнкү күндө да арбын учурайт. Жер-жерлердеги «Чоюнчу» деген айыл-кыштактардын аталыштары да буга далил боло алат. Мисалы:Коргон айылынан түндүк-батышта Козубаглан дарыясына чыгыштан Карасуу, ал эми батыштан Жаңгакты суусу кошулган жер Чоюнчу деп аталса, Аксуу дарыясынын оң жээгинде жайгашкан Кара-Даван айылы менен Жаркыштак айылдарынын ортолугундагы айыл да Чоюнчу аталат. Темирдин пири болгон Дөөт пайгамбарга байланышкан «Дөөт пайгамбардын устаканасы» жана «Дөөт-Баба», «Асти-Дөөт» мазарларынын бул аймактан орун алышы да бекеринен болбосо керек.

Баткен облусунун аймагындагы «Муктун камари (үңкүрү деген мааниде)», «Мук (мык) камар (үңкүр деген мааниде)», «Муктун суусу», «Муктун гөрү», «Муктун көрүстөнү», «Муктун тоосу» өңдүү жер-суу аттары көп учурайт. Жергиликтүү эл бул аталыштарды байыркы «муг» эли менен байланыштырат. Эл арасында илгери бул аймакта «муг» деген эл жашап, темир рудасын негизинен ошолор иштеткен. Сайф ад-дин Ахсикентинин «Мажму-атут-таворих» (Которгондор: Молдо Мамасабыр Досболов жана Омор Сооронов Бищкек, 1996.) аттуу эмгегинде «Мугстан», «Улусу Мугстан» өлкөсү жөнүндө айтылат). Кийинчерээк темир кенин иштетүүнү каракытайлар колго алган деп айтылат. Самаркандек айылынан батышта 17 км аралыкта жайгашкан Кан-и-Гутта байыркы кенчилер күмүш, коргошун жана темир өндүрүп келгендиги белгилүү. Чындыгында эле Баткен жергеси кен байлыктарга бай аймак. Бул аймакта сымап, сурьма, коргошун, күмүш, алтын ж.б. баалуу металлдардын запасы мол. Совет мезгилинде сымап (Айдаркен) менен сурьманы (Кадамжай) өндүрүү өндүрүш жолуна коюлгандыгы да белгилүү. Ошондой эле баалуу таштар да арбын учурайт. Алсак, рубин менен гранат таштарынын ири запастары аныкталган.

Бул аймак Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш бөлүгүнөн орун алып, чыгыштан Кокон, Анжиян, Ош, түштүк-батыштан Жызак-Самарканд менен, ал эми түндүк-батыштан Ташкент оазиси менен чектешип турат. Улуу Жибек жолунун боюнда, Сыр-Дарыянын сол алабында жайгашкан. Сыр-Дарыянын куймалары болгон, бийик тоолордун чокусундагы мөңгүлөрдөн башат алган Сох, Керавшин (Исфайрам), Кожобакырган-Сай (Козубаглан дарыясы жана Карасуу менен Жаңгакты суусу кошулуп Кожобакырган-Сайга куят), Аксуу ж.б. дарыялардын аралыгындагы өрөөндөр адамзат үчүн да айбанаттар менен өсүмдүктөр дүйнөсү үчүн да жашоого ыңгайлуу шарт түзүп турган.

Ыңгайлуу жер шарты, жаратылышы жана жагымдуу климаты адам баласынын бул жерлерди мекендеп, байыркы замандан бери байыр алышына чоң өбөлгө болгон. Байыркы адамдардын металлга болгон муктаждыктарынан улам кен байлыктарды казып алуу жана кайра иштетүү бул аймакта алгачкы кенчилер менен кол өнөрчүлөрдүн шаарчаларынын пайда болушуна алып келген. Өндүрүлгөн металлдан жасалган үй шаймандары менен кошо согуштук куралдар кардарлар жана соодагерлерди бул аймакка тартып турган. Кол өнөрчүлүк менен сооданын өнүгүшү өз учурунда шаарлардын өнүгүшүнө алып келген. Ал эми байыркы цивилизациянын очоктору болгон ири шаарларды туташтырып турган Улуу Жибек жолунун пайда болушу, аймактын гүлдөп-өсүшүнө өз таасирин тийгизген факторлордон болгон. Ошол себептен Баткен облусунун аймагында ар кандай диний ишенимди тутунуп, ар кандай коомдук түзүлүштө жашап өткөн байыркы адамдар тарабынан түптөлгөн тарыхый жайлар көп катталган. Карманган диний ишеним жана жашаган коомдук түзүлүшкө жараша, байыркы адамдар өз деңгээлине ылайык маданиятты бизге мураска калтырышкан.

Совет доорунда окумуштуу-археологдор Ю.А.Заднепровский, В.М.Плоских, Г.А.Брыкина, Ю.Д.Баруздин, В.А.Ранов ж.б. тарабынан аздыр-көптүр изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Материалдык маданий мурастар арасында изилденгенинен изилденбегени көп болгондуктан, окумуштуу-археологдордун көңүлүн бул аймакка бурууга чакырабыз. Аймактын материалдык маданий мурастарын изилдөө өз учурунда кыргыздардын жана Кыргызстанды мекендеген элдердин маданий мурасын же жалпы эле адамзатка тиешелүү маданий мурасты тактап, аныктоого салым кошоруна ишенебиз. Ошол себептен кыргыз журтчулугунун назарына Баткен аймагындагы тарыхый жайлардын, байыркы эстеликтердин бизге белгилүүлөрүнүн тизмесин сунуштайбыз.

Лейлек району

Исфана шаары. Азыркы Исфана шаарынын борборунан орун алган орто кылымга таандык (XI-XVI кк.) шаардын калдыгы.

Чалды-Балды шаарчасы. Б.з. I к. Исфана суусунун оң жээги. Исфана шаарынын түндүк жагында.

Кара-Булак шаары. Орто кылым. Азыркы Кара-Булак айылынын ортосунан орун алган шаардын калдыгы.

Шооваз. Орто кылым. «Алтын-Бешик» пионер-лагери жайгашкан жерде. Эски чептин урандысынын калдыгы. Чоподон жасалган суу куурлары жана идиш-аяктын сыныктары табылган. Изилденбеген.

Аламди. Коргондор, Кара-Булак айылынын түндүк тарабында. Сүлүктү-Карабулак аралыгындагы Таш-Кыя жолунда.

Тогуз-Булак. Коргондор. Азыркы Кара-Булак айылынын түштүк-чыгышында.

Айбийке. Коргон. Азыркы Айбике айылынын жанында.

Ак-Терек. Коргондор. Азыркы Ак-Терек айылынын түндүгүндө. Айдоо жер аянтынын ортосунда, диаметри 16 м, бийиктиги 1,5 м.

Кара-Мойнок. Көрүстөн. Б.з. I к. Кара-Мойнок дарыясынын оң жээгинде 12 үймө топурак.

Жерме-Чешме. Коргондор. Кара-Мойнок көрүстөнүнүн түндүгүндө, бийик адырда 50 үймө топурак.

Кара-Суу. Дөбө. Эрте орто кылымда жана орто кылымда жасалган чопо идиштер табылган.

Белес-Мазар. Турак жай. Баткен-Исфана жолундагы Коргон жана Тогуз-Булак айылдарынын орто аралыгында. Орто кылымдарга таандык чопо идиштер.

Хан Шырдактын ордосу. Эски чептин калдыгы. Катран айылынан күн батышта, Козубаглан дарыясынын сол жээгинде. Орто кылымга таандык чопо идиш-аяктардын сыныктары табылган. Изилденбеген.

Кайрагач көрүстөнү. Б. з. I к. Кожо- Бакырган-Сай дарыясынын сол жээгинде. Азыркы Кайрагач айылынын түштүгүндө. 200 үймө топурак.

Кайрагач. Таш куралдар ж.б. табылгалар. Төмөнкү палеолит. Кожо-Бакыраган-Сай дарыясынын сол жээгинде. Кайрагач айылынын жанында.

Кайрагач шаарчасы-II. Кокон мезгили, Кожо-Бакыраган-Сай дарыясынын сол жээгинде. Кайрагач көрүстөнүнүн түштүгүндө.

Кайрагач шаарчасы-I. б.з. I к. эрте орто кылым, Кожо-Бакыраган-Сай дарыясынын сол жээги. Азыркы Кайрагач айылынын түштүк-чыгышында, көрүстөндөн 2-3 км аралыкта.

Коргондор. Кожо-Бакыраган-Сай дарыясынын сол жээги. Азыркы Кайрагач, Лайлы айылдарынын ортосунда.

Кара-Кемер. Бешкент. Турак жай. Б.з. I к. 60 метр тереңдиктеги жардын түбүнөн жаш баланын сөөгү, аны менен кошо үч идиш, миздүү таш табылган. Ташрават өрөөнү (Кожо-Бакырган-Сай дарыясынын бою).

Тагап шаарчасы. Б.з.ч. Iк. акыры-б.з. III к. Азыркы Бешкент айылынын Тагап участкасындагы жанында урандыга айланган шаарча.

Коргондор. Азыркы Бешкент айылынын Тагап участкасынан 2-3- км түштүк чыгышта, суусуз өрөөндө, кайрак эгин айдалчу жерде 50 үймо топурактар.

Коргон. Маргун айылынан 8 км чыгышта, коргондун диаметри 50 м, бийиктиги 6 м.

Коргондор. Маргун айылынын түндүгүндө. Бели-Сынык тоосунун этегинде.

Жин-Камар. Шаарча. Маргун айылынын түштүк чыгышында. Шаарчанын аянты 75х75 м. Айланасындагы жерден ондогон метр бийиктикте.

Коргондор. Маргун айылынын аймагындагы Жин-Камар шаарчасынын түштүк-батышында. Сайдын сол жагындагы бийик жээкте.

Аззаар. Байыркы кенчилердин мекен жайы. Маргун айылынан күн чыгышта. Бели-Сынык тоосунун күнгөй бетинде.

Чурбек. Шаарча. Эрте орто кылымга таандык. Чурбек айылынын чыгышында.

Даркум. Коргондор. Азыркы Даркум айылынын чыгышында Мадыгенге кеткен жолдо, сайдын жээгинде.

Кызыл Коргон. Мадыген айылынын чыгыш тарабында. Изилденбеген. Чопо идиштеринин сыныктары табылган.

Булак-Башы. Шаарча. Б.з.ч. I к. – б.з. I к. орто кылымдар. Азыркы Булак-Башы айылынын батышында азыркы көрүстөн, түштүгүндө байыркы көрүстөн бар.

Сүлүктү. Коргондор. Сүлүктү шаарынын түндүк батышындагы адырда.

Замборуч -1. Коргон. Азыркы Аксуу айылынын түштүк-батышынан орун алган чон дөбө. Орто кылымдар. Изилденбеген.

Замборуч-2. Коргон. Азыркы Аксуу айылынын түндүк батышындагы чон дөбө. Орто кылымдар. Изилденбеген.

Агелек. Чеп-коргон. Дейнөө айылы. Эрте орто кылымга таандык.

Баткен району

Кенчилердин Рават шаары. Б.з. I к. Рават айылынын түштүгүндө, үч дөбөдөн турат. Темир рудасын эритүүчү мештер, куйма калыптар жана түтүктөр, шлактар, чопо идиштердин сыныктары табылган.

Рават. Коргондор. Рават шаарчасынын чыгыш четинде.

Каракчы коргондор. Каракчы айылынын түндүгүндө, Раваттан Кан-и-Гутка кеткен жолдун боюнда, тоо этегинин түштүк капталында.

Гарм. Коргондор, Гарм айылынын түштүк батыш четинде, ондогон үймө топурак.

Кан-и-Гут. Коргондор. Кан-и-Гут айылынын түндүк тарабында 10 чоң үймө топурак.

Коргондор. Кан-и-Гут айылынын түндүгүндө. Мадыген ашуусунун этегиндеги Даркум – Мадыген - Кан-и-Гут жолунда.

Баткен- I; II. Турак жайлар. Б.з.ч. I к. акыры, б.з. I к. Баткен айылынын түндүк батыш жагында, айдоо аянттардан чоподон жасалган идиш-аяктардын сыныктары табылган. Баткен – Iде эң көп болуп, аянты 500х100. Баткен – Булак-Башы жолунун боюнда, кичинекей дөбө.

Идиш-аяктардын сыныгынын көп жери Баткен – II. Булак-Башы айылынын түндүгүндө, Баткен айылынын түндүк-чыгышындагы Ак-Таш дөбөсүндөгү ташка сүрөттөр тартылган.

Кара-Булак. Көрүстөн. Б.з.ч. Iк. – б.з. I к. Кара-Булак айылынын түштүк жагында 900гө жакын коргондордун 136сын Ю. Д. Баруздин 1954-1959- ж.ж. изилдеген.

Суу-Башы. Турак жай. Б.з.ч. I к. – б.з. I к. Кара-Булак айылынын түштүк тарабынан орун алган. Булактын айлана-тегерегинен чоподон жасалган идиштер табылган. 1957-жылы В. А. Ранов изилдеген.

Таян. Коргондор. Сох дарыясынын оң жээги, Таян айылынын түндүгүндө 10 үйүлгөн топурак.

Коргондор. Таян айылынын түштүгүндө.

Кыштут. Турак жайы. Б.з.ч. I к, - б.з. I к. Сох дарыясынын оң жээги, чопо идиштер табылган.

Кан. Кокон доорундагы чеп. Сох дарыясынын оң жээги, Угул суусунун куймасында.

Металл рудасынын шлактарынын ташталган үймөктөрү. Сох дарыясынын оң жээгинде, Кан дарыясынын түштүгүндө, сымап кенинин жолунда. Темир аралашмасы бар шлактар.

Сымап. Көрүстөн, б.з. I к. Деңиз дээңгелинен 3000 м бийиктиктеги сымап кени.

Мугдун (Муктун) көрүстөнү. Турак жай. Эрте орто кылым деп жазылганы менен али толук изилдене элек. Сох дарыясынын сол жээги. Кара-Токой айылынын чыгышында. Чопо идиштер табылган.

Кара-Токой. Көрүстөн. Сох дарыясынын сол жээгинде Кара-Токой айылынын түштүгүндө, Сох айылынын каршысында.

Ошондой эле Баткен аймагында калк кастарлап, зыярат кылып келген Азирети Алинин кадам жайы, Шаймерден - Жигит пирим, Ажыдаар-Булак, Ак-Тайлак, Жаныбек-Ата, Коончу-Ата, Дөөт-Баба, Асти-Дөөт, Агача-Булак, Зулпучач, Тал-Мазар, Кыз-Мазар өңдүү көптөгөн мазарлар бар. Бул мазарлардын ар бири жеке өзүнө гана таандык болгон керемет касиети жана тарыхы менен өзгөчөлөнөт. Кээ биринде эл тарабынан тургузулган күмбөз да бар. Мазарлар да ар бир элдин тарыхый жана маданий мурасы катары каралып, жергиликтүү эл менен зыяратчылар үчүн зыяратчылыктын объектиси иретинде көңүл бурулуп келет. Зыяратка келгендер бул жерден өзүн, үй-бүлөсүн ар кандай ооруу-сыркоолордон арылтууну, жамандыктардан сакташын сурап, Жаратканга жалбарып, кайрылышат. Келген зыяратчылардын ар кими өз муктаждыгына карап: перзент, байлык, бийлик, бакыт, оомат ж.б. тилеп, Кудайдан сурашат.

Орунбай Ахмедов

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

10-03-2021
Шырдакбек
18063

01-03-2021
Лейлек мазарлары
35248

01-03-2021
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу
18219

26-02-2021
Инсандар тууралуу учкай кеп
18004

26-02-2021
Маргун - чапкылдыктар ордосу
16893

25-02-2021
Чапкылдык
21753

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×