Добавить статью
9:23 8 Июля 2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)

Кыргызстандын кереметтүү Суусамыр жергесинин тарыхына байланыштуу «Эралынын аткан жер, Эдигенин жаткан жер» деген аңыз айтылып келген. Ал жөн гана уламыш эмес – ал кыргыз элинин аскердик, саясий тарыхына тиешелүү кызыктуу жана баалуу тарыхый маалыматты ичине камтыйт. Ошол тарыхый окуя тууралуу так документалдуу булак болбосо да, оозеки булактардагы айырмачылыктарды талдоо жана салыштыруу менен аны аныктоо зарылчылыгы бар. Бул жолку кезекте ал окуяны тарыхый маалыматтардын жардамы аркылуу баяндоо менен бирге анын айрым маселелеринин такталышына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Тайлак баатырдын казак улутундагы Эдиге төрө деген баатыры менен болгон чабышы жөнүндөгү окуя буга чейинки бир канчалаган эмгектерде белгилүү. Абдыкалык Чоробаев, Сабыр Аттокуровдордон баштап, бул окуяны Тайлактын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшүнүн бир бөлүгү катары кароо жана муну XIX кылымдын 30-жылдарына таандык кылуу салт болуп келүүдө. Ошонун негизинде бир катар адабий чыгармалар чыгып, бир канча илимий-популярдуу макалаларда да ушундай таризде берилип келет. Бирок, Сапарбек Закиров 1990-жылы эле «Асаба» гезитине берген «Тайлак баатыр баяны» аттуу макаласында Тайлактын Эдиге менен болгон беттешүүсүн хронологиялык жактан жаңылыштык менен Аблайдын чабуулунан мурун болгон десе да, бул окуяны Тайлактын бой жеткендеги катышкан эң биринчи окуясы катары берген жана аны Кокон хандыгы менен да байланыштырбаган [4. 65-65-б]. Ал эми тарыхчы Темир Асанов болсо андан кийинки жылы «Мурас» журналынан чыккан «Тайлак баатыр» аттуу макаласында бул тууралуу да кеп козгоп, окуяларды салт боюнча ирээттесе да, бирок Тайлактын Эдиге менен болгон беттешин 1814-1820-жылдарга болжолдогонун жарыялаган [4. 74-б]. Чындап эле, тиешелүү булактарды салыштырууда бул окуя XIX кылымдын 30-жж. эмес, андан 10-20 жыл мурунураак болгондугу ырасталууда.

Бул окуя жөнүндө эл ичинде да бир канча уламыштар айтылып жүрөт. Уламыштардын жалпы мааниси боюнча, Эдиге төрө аттуу казак улутундагы баатыр Талас аркылуу келип Суусамырды ээлеп алгандыктан, Тайлак баатыр кол баштап барып, эрөөлдө Эдигени жеңген. Казактардын Аблай хандын чабуулдарынан кийинки, Кененcарынын чабуулдарына чейинки аралыкта кыргыздардын жерине чабуул үчүн келип-келбегендиги тууралуу маалыматтар жокко эсе. Бирок ошентсе да санжырада, анын ичинен Алымбектин санжырасында казактардын кыргыз жерине ушул мезгилдерде чабуулсуз көчүп келгендиги жөнүндө кабар келет. «...Ташкен, Сайрам, Чымкент казактары уйсун болот. Булар Ташкенди — ошо жогорку айтылган шаарлар Коконго карагандан кийин, Ташкендин кушбеги аркалуу кыргыздын ээн жаткан конушуна көчүп келип, коно берген. Олуяата тегереги, андан ылдый Талас өзөнүнүн бойлору, Кичибуурул-Чоңбуурул тоолору, Түлкүбаш тооолору, Күйүктүн бели, Терс суусу – мына ушуларга казак ээ болуп калган, Ташкен Кушбеги аркалуу. Ал (эми) ага батпаган казактар Иле бою, Чүйдүн маңдайындагы тоолор, Үчалматы ушул жака келе берген, уйсун казактары» [1. 78-79-б.]. Демек, эгер 1810-жылга чейин Сайрам, Чымкен, Ташкен шаарлары Кокон хандыгына каратылса, андан кийин ал тегеректеги айрым казак уруулары кыргыз жерлерине кирип келе башташкан. Ошол эле баянда казактардын кыргыз жерлерин ээлей башташында кокондуктар тараптан казактарга колдоо болгондугу айтылат [1. 79-б.]. Биздин оюбузча, Эдиге төрө баштаган казактардын Суусамырда пайда болушу ушул окуялар менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Суусамыр аймагы көчмөнчүлүк турмуштагы мал багууга ылайыктуу мыкты жерлердин бири болгондуктан, ал ар кайсы уруулардын талашында болуп келген. Мисалы, XIX кылымдын баштарында саяк уруусунан Айдар бийдин өлүмүнөн кийин Суусамыр сарыбагыш бийи Ниязбектин колуна өткөн. Айрым тарыхчылардын пикирлери боюнча, ошол Айдар бийдин уулу Чомой баатыр, ал ошол эле учурда Тайлак баатырдын жан-жөкөрлөрүнүн бири, эр жеткенде Канай баатырдын көмөгү менен Суусамырды кайра саяктарга өткөрүп алган [5. 267-270-б.]. Бул жердеги Суусамырдын саяктардын ээлигине өткөрүлүшү жөнүндөгү баян жана Тайлак менен Эдигенин эрөөлү жөнүндөгү уламыш-аңыздар бир эле окуяны чагылдырууда деп болжолдосо болот. Тагыраагы, бул жерде Суусамырды саяктар сарыбагыштардан эмес, кыргыздар казактардан алган десек туура болот. Анткени эл оозунда бул окуяга саяктардан Тайлак баатыр, Эраалы баатыр, ал эми сарыбагыштардан Ниязбек бий сыяктуу кыргыздардын атактуу инсандары катышкандыгы айтылып келет. Андан сырткары, Абдыкалык Чоробаев баштап кеткендей кыргыздардын колун Тайлак баатыр жетектеп барган деген пикирди четке кагууга туура келет. Анткени ал учурда Тайлак жаш болгондуктан, жеткечилик кылышы мүмкүн эмес эле.

Бул маселеде Б. Арыковдун «Кудаке баатыр» деген эмгегинде берилген ушуга байланыштуу уламыш жардамга келет. Ал уламыш боюнча, чекир саяктардын улугу болгон Качыке баатырдын уулу, Түлкү Айты уулунун небереси болгон Эралы баатыр сарыбагыш-саяк чабышында Ниязбектин уулу Ормонду туткундаган баатыр болгон жана ал бул чабыштан кийин Суусамырды Эдигей баштаган казактардан кайтарып алууга камынат. Бир ирет аракет жасап, ийгилик болбогон соң, ал башка саяк уруктарына «ат кошчу» сурап кайрылган. Мына ошондо чогулгандардын арасында ак боз ат минип, «...жыйырма бештен ашып калган кара сур жигит», б.а. Тайлак деген жигит келген (Биздин оюбузча, «кара сур жигит» катары Тайлактын аны менен бирге жүргөн «кадимки кара Бөбөтөйү» айтылып жатса керек – К.М.). Андан ары, жүзгө чамал чогулган кол менен саяктар Эдигейге каршы чабуулга барышып, эреже боюнча жекеме-жеке эрөөлгө Эдиге менен Тайлак чыккан жана баарыбыз билгендей, Тайлактын жеңиши менен бүткөн. Ошондой эле, ошондо Тайлакка «Качыкенин зоотун» кийгизгендиги баяндалат [2. 148-149-б.]. Уламыштар боюнча, экөө курал менен бири-бирин жеңе албай, кезек эңишке жеткенде, Тайлак Эдигени эңип түшөт, бирок Эдиге курал алууга жетишип калат, ошондо аны байкаган Эралы Эдигени атып салган [3. 80-81-б.].

Жумагул Байдилдеев өзүнүн «Тайлак баатыр баяны» деген эмгегинде бул окуялардын күбөсү болгон, 1930-жылы «Ичке-Суу деген жерде жүздөн бир топ ашып» көз жумган союл Бекбоо деген адам жөнүндө кабар берет. Анын баяны боюнча, Эраалы баатыр өзүнүн мылтыгын жогоруда сөз болгон союл Бекбоо дегендин, б.а. ошол кездеги жаш баланын ийнине арта салып, «...Эдиге төрөнү кулак түпкө аткан» [3. 8-б.]. Эл оозунда айтылып жүргөндөй, Суусамырдагы ошол эрөөл болгон жер «Эдигенин жаткан жер, Эралынын аткан жер» деген сөз менен эскерилип айтылып келет. Кыязы, кыргыздар тараптан көп кол чыккандыктан, казактар тез эле жеңилип берген сыяктуу. Ошондо, кыргыздардан 1000 же 2000 жоокер чогулгандыгын айтышат, ошондой эле, Байдилдеевдин санжырасында кыргыздар «караан болосуңар деп, он экиге чыккан балдардын бойлуусун да кошуп алгандыгы» айтылат [7. 74-75-б.; 3. 8-б.]. Анын үстүнө, бул окуяга сарыбагыштардан Ниязбек бий да салым кошкондугу жөнүндө аңыздар бар [6. 20-б.; 3. 7-8-б.]. Ошентип, Эдигенин сөөгүн коюу үчүн уруксат берилген беш күн өткөн соң, казактар Суусамырды бошотуп беришкен [2. 149-б.]

Эдиге төрөнүн ким экендигин аныктоого мүмкүн болбоду, сыягы, ал казактардын арасында деле анчейин атактуу болбогон көрүнөт, балким, ал эрөөл үчүн гана чыккан катардагы жоокерлерден болгон чыгар. Кыскасы, кыргыздар менен казактардын ортосунда ошол мезгилде Суусамыр үчүн чабыш башталмак болгондо, кан төгүүнүн алдын алып, алар бул маселени эрөөл менен гана чечишкен жана натыйжасында Суусамыр өз ээсинин колуна өткөн. Ал эми жаңы эр жеткен Тайлак бул окуяда өз элинин намысын коргоо үчүн алгачкы көрүнүктүү эрдигин ишке ашырган.

(К. Молдожунусовдун дипломдук ишинен үзүндү. Бишкек: КТМУ, 2014.)

Колдонулган булактар:

1. Алымбектин санжырасы. (Абылай хандын доорундагы кыргыз-казак мамилеси. XVIII кылымдын окуялары). жооптуу ред. Т. И. Асанов. – Бишкек, – 2006.

2. Арыков Б. Кудаке баатыр. – Бишкек, 2009.

3. Байдилдеев Ж. Тайлак баатыр баяны: Санжыра. – Бишкек, 2001.

4. Кыйын кезеңдин арстандары: Тайлак баатыр жана анын уулу Осмон датка / түз.: Б.Сатыбалдиева. – Бишкек, 2013.

5. Суусамыр:Энциклопедия. Башкы ред. Ү. Асанов. – Бишкек, 2010.

6. Чоробаев А. Тайлак баатыр. 1941 // Инв.№28 (221).

7. Чоробаев А. Тайлак баатыр: Казал. – Фрунзе, 1959.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
612

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
6376

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
9241

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×